Түрк басма сөзү 28. 06. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

110111
Түрк басма сөзү 28. 06. 2014

«Сабах» гезити тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун : «Аймактык уюмдардын арачылыкта күч алган ролу» деген темада үчүнчү Стамбул арачылык конференциясында сүйлөгөн сөзүнө орун берген. Гезит Давутоглунун Ирак жана Сирия кризиси тууралуу : «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туура учурда туура гуманитардык, дүйнөлүк нарктардан сөз кылуу менен турмушка ашыра албаган инциативдерден улам ушул жерге келип турабыз. Ирак жана Сирия татаал түрдө бири бирине байланышып турат. Азыркы учурда абдан чоң кризис босогодо жана биз коңшулары катары мындан таасирленип жатабыз»,- дегенин билдирген.
«Йени шафак» гезити : «Эки күндө бир электр станциясы» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын 2014 – жылдын биринчи беш айында 101 электр станциясынын ишке киргенин белгилеп : «Ар эки күндө эң аз бир электр станциясын кызматка ачкан болдук»,- дегенине орун берген.
«Миллийет» гезити биринчи жолу бир түрк танкына реактивдүү динамикалуу коргоочу жөндөмдүүлүгүнө ээ кылганын жазган.
«Хүррийет» гезити ТРТнын генералдык директору Ибрахим Шахиндин жакындап келе жаткан жаңы берүү мезгилине баа бергенин жазган. Гезит бул жылы ТРТнын элүүнчү, түрк киносунун жүзүнчү жылын белгилегенин эске салган Шахиндин ТРТнын аткара турган иштеринин биринин да кино секторуна салымын кошуу экенин айтканын, бул үчүн ТРТ катары 30 телекөрсөтүү киносун чыгаруу чечимин чыгарышкандарын белгилегенин жарыялаган. Маалыматта Шахиндин : «Түркияда азырынча кириле элек баяндардын бар экенине ишенебиз. Колунда сценарийи болгон, фирма же кишинин айырмасы жок. Ким болсо болсун 31 – июнга чейин бизге кайрылса болот. Булардын ичинен тандап 30 кинону телекөрсөтүү киносу кылабыз. Биз баарынын аткарганын эмес, эч кимдин кылбаганын, эч ким кире албаган иштерге кирип жатабыз. Ушундайча секторго жаңы сценаристтер, оюнчулар жана продюссерлерди чыгарууну максат кылуудабыз»,- дегенин билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар