Түрк басма сөзү 26.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

107603
Түрк басма сөзү 26.06.2014

«Акшам» гезитинин экономика бараганда «Турак жай сатуулары май айында эң жогору болду» деген теманы коюп, Түркияда май айында турак жай сатуулардын 8 пайыз өсүп 90 миң 377ге жеткенин белгилеген.
Гезит Стамбулда 17 миң 852 турак жай сатылып 19,8 пайыздык үлүш менен тизмеде алдыңкы орунду алганын белгилеген. Гезит Стамбулдан кийин 12,2 пайыздык үлүш менен Анкара, 6,5 пайыз менен Измир турганын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Бенинди учура тургандай сапар» аттуу кабарында Измир соода палатасынын (İTO) Африка өлкөлөрүнөн Бенинге 28 кишилик делегация менен барганын жазган.
Гезит Түркия-Бенин ишкердик форумунун экинчи жыйынында сөз сүйлөгөн Бениндин президенти Бони Яйи измирдик ишкерлерди аймакка инвестиция салууга чакырганын белгилеген. Яйинин: «Өсүүнү сиз менен аткаргыбыз келет. Эми достугубузду чыңдаган так кадамдарды көргүбүз келет»,деген сөз айтканын белгилеген гезит, Измир соода палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Экрем Демирташтын болсо «Колубуздан келген колдоону көрсөтүүгө даярбыз. Тажрыйбаларыбызды бөлүшүү үчүн келдик»,дегенин баяндаган.
«Стар» гезити «Анзак небереси Түркиянын экономикасын мактады» аттуу кабарында Анзактардын Чанаккале согушунун 100 жылдыгы болгон 2015-жылы жоон топ делегациясы менен Түркияга сапар жасоосунун алдында анзак небереси болгон Жаңы Зеландиянын Өнүгүү агенттигинин төрагасы Петр Крипс Түркияны мактаганын билдирген.
Гезит чуулгандуу дүйнө конюктурасында Түркиянын экономикасындагы өсүү жана ырааттуулуктун мактоого арзырлык болгонун белгилеген Крипстин, Түркиянын көз менен көрүнгөн өсүү аңгемеси болгонун сөз кылганын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Ой жүгүртүү күчү менен шал болгон колун кыймылдатты» деген кабарында АКШда Охио Стейт угниверситетинде жасалган бир сыноодо мойнунан ылдый жагы шал болуп калган 23 жаштагы Ян Буркхарттын мээсине тагылган чип аркылуу ой жүгүртүү күчү менен колун кыймылдата алганын белгилеген.
Гезит медицина тарыхында кала турган ойлоп табуу катары аталган сыноодо Буркхарттын муну аткара алган биринчи шал оорулуусу болгонуна көңүл бурган.
«Миллийет» гезити «Жакшы, жаман жана ырайы сууктун суугу менен коштошуу» деген кабарында Клинт Иствуд башкы ролун аткарган унутулгус батыш кино тасмасы «Жакшы, жаман жана ырайы сууктун «ырайы суук» каарманы Эли Уоллахтын 98 жашында дүйнөдөн кайтканын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар