Түрк басма сөзү 18.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

99284
Түрк басма сөзү 18.06.2014

“Стар” гезити “Европа Биримдигинен эң аз эки тема ачуусун күтөбүз”деген кабарында Европа биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Мевлүд Чавушоглу, Европа биримдигинин Туркияга жакындашуусунан бей тараптуу, адилеттүү жана натыйжалуу жыйынтык күткөндүгүн, ошондой эле белгилүү мөөнөттүн аныкталышын каалагандыгын айтты. Гезитте Чавушоглу, Европа Биримдигине кирүү эки тарапка тең маанилүү деген оюн билдирген.
“Хабертүрк” гезити “Мехметтин жаңы куралы МРТ-76” темасындагы кабарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн биринчи жолу жергиликтүү курал-жарактарга ээ болгондугун билдирген.
Гезит “Улуттук курал жарактар” аттуу астыңкы темасында 7.62 миллиметрлик диаметрдеги МРТ-76 мылтыгынан аскерлерге 200 даана берилгендигин айткан.
Кабарда сериялуу өндүрүү менен биргеликте кийинки жылдан баштап G-3 мылтыгынын ордуна МРТ-76 колдонулушу тууралуу маалымат жазылган. Андан тышкары кээ бир мамлекеттерде жалаң түрк инженерлери тарабынан даярдалган МРТ-76 мылтыктарына кызыгуу көп экендигин баяндаган.
“Ватан” гезити “Дева фирмасы Европанын эң чоң инвестициясын жасады” аттуу кабарында “Дева” холдинг Текирдагда дем алып дарылануучу даары өндүргөн жаңы ишканасын ачты.
“Дева” холдинг бул ишканага 15 миллион лира каржылоо менен астма жана өнөкөткө айланган өпкө ооруларына каршы даары-дармектерди иштеп чыгат. Гезит бул көрүнүштү Европанын акыркы он жылдагы эң чоң фармацевтикалык инвестициясы катары карагандыгын билдирди.
“Хүррийет” гезити “Кичирайонду жалмап кетти” темасындагы кабарында АКШнын Небраска штатындагы бир райондо эки куюндун согуштук көрүнүшту жараткандыгын баяндаган. Гезит, куюндун натыйжасында каза болгондор жана жаралангандар көп болгондугун, андан тышкары мектеп менен кошо 370 имарат жана үйлөр кыйроого учурагандыгын жазган.
“Миллийет” гезити, “40 жылдан кийинки ышкырык” аталышындагы кабарында Дүйнөлүк кубок тарыхында 1974-жылда калыс болгон Доган Бабажандан кийин кайрадан быйыл түрк улутундагы калыс оюнду башкарып жаткандыгын баяндаган. Гезит Жүнейт Чакырдын кечээ болуп өткөн Бразилия-Мексика оюнунда ийгиликтүү калыс болгондугун билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар