Түрк басма сөзү 17.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

97771
Түрк басма сөзү 17.06.2014

«Йени шафак» гезити Түркияга сапар менен келген НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Русмуссендин президент Абдуллах Гүл тарабынан кабыл алынганын белгилеген.
Гезит Гүлдүн кызмат мөөнөтү күзүндө аяктай турган Расмуссенге баш катчы катары кылган кызматтарына ыраазычылык билдиргенин баяндаган. Кабарда баш катчы Расмуссендин сетябрь айында өткөрүлө турган НАТО Галлер саммитинин күн тартибинде орун алган темалар туурасында президент Гүлгө маалымат бергендиги баяндалган. Жолугушууда айрыкча Ирак, Украина, Сирия жана Афганстандагы абал сыяктуу күн тартиптеги жана аймактык темалар да каралганы белгиленген кабарда Расмуссендин андан кийин премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Премьер-министрлик имаратында кабыл алынганы белгиленген.
Гезит жолугушууда Түркиянын Афганстандагы ISAFтын ичиндеги иш-чаралары менен Украинадагы абалдар каралганын да баяндаган.
«Cтар» гезити “Дүйнөнүн эң чоң порту да жолдо” деген кабарында, премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган тарабынан дүйнөнүн эң чоң аэропортунун пайдубалы түптөлгөндөн кийин дагы бир долбоордун жаралгандыгын белгиледи. Кабарда аэропорт менен кошо үчүнчү көпүрө жана Стамбул каналы салына тургандыгы айтылган.
“Акшам” гезитинин экономика бетинде жарыяланган “Түрк аба жолдорунан 1.6 миллиард доллардык учак буюртмасы ” темасындагы кабарда Түрк аба жолдорунун Америкалык “Боингге” чоң буюртма бергендиги айтылган. Кабарда компаниянын 15 даана В737 МАХ 8s үлгүсүндөгү учактын прейскуранттык баасы 1.6 миллиард доллар болгондугу белгилген. Гезит Түрк аба жолдорунун өткөн аптадагы билдирүүсүнө таянып, буюртмалар 2020-жылы аткарыла тургандыгын маалымдаган. Эскерте кетсек, өткөн жылы да Түрк аба жолдору 50 даана 737 MAXs жана 20 даана 737s учакка буюртма берген эле.
“Хабертүрк” гезити “Дүйнөнүн 1000-мурасы Түркиядан болсун” деген аталыштагы кабарында ЮНЕСКОнун “Дүйнөлүк мурастар комитетине мүчөлүкө тандалган Түркия дүйнө мурастар тизмесин тандоодо маанилүү роль ойноорун белгилеген. Гезитте дүйнөлүк мурастар тизмесине кире турган 1000-элементти тандоону максат кылган 38-жыйыны кечээ күнү Доха шаарында ачылгандыгы айтылган. 25-июнга чейин созула турган тандоо жыйынына Түркиядан да “Бурса жана Жумалыкызык” менен “Бергаманын” да документтери каралары билдирилген.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар