Түрк басма сөзү 12.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

92306
Түрк басма сөзү 12.06.2014


«Хүррийет» гезити «НАТО да кыймылга өттү» баш сөздүү кабарында «Ирак Шам ислам мамлекети» аттуу террордук уюмдун Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугун басып алып, консул Өзтүрк Йылмаз менен катар 49 кишини барымтага алгандыгына байланыштуу Түркия НАТОну кезексиз жыйынга чакырганын жазган. Бул боюнча НАТОнун туруктуу өкүлдөрү чогулду. Жыйында Түркияга колдоо көрсөтүлө турганы билдирилди.
«Йени шафак» гезити «Дүйнөлүк банктын божомолдоосу» аттуу кабарында Дүйнөлүк банктын «Глобалдык экономикалык көрүнүш» рапортунда Түркиянын экономикасынын быйыл 2,4 пайыз, эмдиги жылы 3,5 пайыз жана 2016-жылы 3,9 пайыз өсө турганынын көздөлгөнүн билдирген.
«Түркиянын жардамы Борбордук Африкага жетти» аттуу кабарда Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен Гуманитардык жардамдар платформасы Борбордук Африка Республикасындагы качкындар үчүн чогулткан жана жалпы наркы 2 миллион лирадан ашкан гуманитардык жардамдын 45 тонналык бөлүгүн ташыган учактын Чадга конгону маалымдалган.
«Радикал» гезити «Оскар сыйлыгын алган режиссер Чанаккале согушу үчүн кинотасма тартат» баш сөздүү кабарында Жаңы Зеландиялык режиссер Питер Жексондун жаңы кинотасмасында Чанаккале согушун түшүндүрө турганын жазган. Бул кинотасманын келээрки жылдан тарта көрсөтүлүшү пландалууда.
«Стар» гезити «Галатасарайда Манчини мезгили аяктады» деген кабарында «Галатасарай» клубу, Роберто Манчининин кызматын таштаганын билдирди.
Буга ылайык футболдук машыктыруучу Роберто Манчининин контрагы эки тараптуу түрдө жоюлса, итальян машыктыруучунун жаңы сезон үчүн кайсы клуб менен макулдаша турганы кызыгуу жаратты.
«Кара деңиздин Зевгма байыркы шаарында казуу иштери уланууда» баш сөздүү кабарда Карабүктүн Эскипазар районунда жарыкка чыгарылган жана б.з.ч 1-кылымда курулганы божомолдонгон Hadrianaupolis байыркы шаарынын туризмге ачылуусу үчүн иш-чаралар уланып жатат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар