Түрк басма сөзү 6.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

84818
Түрк басма сөзү 6.06.2014



«Стар» гезити Мугланын Бодрум районунда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин 4-саммитинин экинчи күнүндөгү жыйындын президент Абдуллах Гүлдүн жетекчилигинде өткөрүлгөнүн белгилеген.
Гезиттин кабарында бул саммиттин негизги темасынын туризм экенин билдирген президент Гүлдүн: «Туризм тарыхый «Жибек Жолдун» боюндагы өлкөлөрдүн арасында экономикалык жана адамзаттык алакалары болгон тармак болуп эсептелет»,-деп айтканын баяндаган.
«Акшам» гезити Түркияда өткөрүлгөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешининин 4-саммитинде дагы көп кызматташуу максатталганын билдирген.
Кабарда өлкөлөрдүн ортосундагы интеграцияны камсыздоо үчүн орток телеканалдын ачылуусуна чечим чыгарылганы баяндалган.
«Йени шафак» гезити «Туристтер Стамбулга карай бет алууда» деген кабарында Стамбулга жылдын алгачкы 5 айында 4 миллион 292 миң 582 турист келгенин белгилеген.
Гезиттин кабарында Стамбулдун маданият жана туризм директорлугунун билдирүүсүнө караганда «Ататүрк» жана «Сабиха Гөкчен» аэропорттору менен Хайдарпаша, Пендик жана Каракөй портторунан шаарга келген чет өлкөлүк коноктордун санынын өткөн жылдын ушундай эле айына салыштырмалуу 8 пайыз өскөнүн баяндаган.
Кабарда аба каттамдары аркылуу келгендердин өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 9 пайыз өскөнү да маалымдалган.
«Ватан» гезити «Стамбулдуктар бут кийимди 1 лирага алышат» темалуу кабарында дүйнөнүн эң чоң соода-сатык жана көңүл ачуу боюнча фестивалы Стамбулдагы Shopping Festтин эртең ачыла турганын белгилеген.
Кабарда маркалар арзандатуу жарышына кире турган фестивалдын алкагында бут кийимдер 1 лирага сатыла турганы маалымдалган.
«Сабах» гезити «Жакшы ниет элчибиз ишке киришти» баш сөздүү кабарында атактуу оюнчу Туба Бүйүкүстүндүн ЮНИСЕФтин жакшы ниет элчиси катары алгачкы сапарын Килиске жасаганын белгилеген.
Гезиттин кабарында Бүйүкүстүндүн Килисте сириялык балдар менен жолугушканы баяндалган.
«Хүррийет» гезити «Аль Жазиранын кызматкерлерине абдан көп абак талап кылынды» аттуу кабарында Египетте соккучул бийликтен басма сөзгө кысым уланып жатканын белгилеген. Гезит Египетте тыюу салынган Мусулман Агайындар уюмуна жардам бергени жана үгүттөөчү берүүлөрдү алып барганы менен камакка алынган Аль Жазиранын үч кабарчысына 15тен 25 жылга чейин абак талап кылынганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар