Түрк басма сөзү 4.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

82509
Түрк  басма сөзү 4.06.2014


«Хүррийет» гезити «Бир туугандар жолугушту» баш сөздүү кабарында президент Абдуллах Гүлдүн, Анкарага келген Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Чанкая Сарайында тосуп алганын белгилеген.
Гезиттин кабарында Гүл менен Атамбаевдин эки тараптуу жолугушуусунан кийин резиденцияда вице-премьер Али Бабажан жана тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу менен чогуу түшкү тамакты жегендери баяндалган.
Кабарда Гүлдүн андан соң Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов менен жолугушканы жана сүйлөшүүдөн кийин резиденцияда Бердимухамедовго кечки сый тамак бергени маалымдалган.
«Акшам» гезити «Анкарада дипломатиялык алакалар» деген кабарында Түркиянын дээрлик күн сайын чет өлкөлүк конокторду кабыл алганын баса белгилеген. Анкаранын кечээ рекорддук деңгээлде коногу болгонуна көңүл бурган гезит, 7 башка өлкө жана эл аралык уюмдан жогорку мартабалуу ысымдардын Түркияда жолугушууларды өткөргөнүн билдирген.
«Йени шафак» гезити «Уятсыздык» баш сөздүү кабарында, БУУ жана Батыш өлкөлөрүнүн Сирия режиминин көөшөрүп өткөргөн шайлоолордун уятсыздык экенин жана өлкөдө үч жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан кризиске чечим таба албай турганын баяндагандарын белгилеген.

Гезиттин кабарында НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин «уятсыздык» деп мүнөздөгөн шайлоонун эл аралык стандарттарга туура келбегенин белгилеп: «Шайлоолор эркин, адилеттүү жана ачык эмес. НАТОнун шериктештеринен эч кимисинин бул жалган шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганына ишенемин»,- деп айтканы жазылган.
«Сабах» гезити «102 өлкөдөн 7 миң ишкер келе жатат» деген кабарында Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун эки жылда бир өткөргөн Эл аралык соода жана Ишкердик форумуна быйыл 102 өлкөдөн 7 миң ишкердин катыша турганын белгилеген.
Гезиттин кабарында Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун жетекчиси Наил Олпактын 2014-жылдын 26-30-ноябрь күндөрүнүн арасында CNR жарманке борборунда он бешинчиси өтө турган жарманкенин алкагында 18-Эл аралык ишкердик форумунун да өткөрүлө турганын белгилегени жазылган.
«Миллийет» гезити «Түрк аба жолдору Монреалга каттамдарын баштатты» темалуу кабарында Түрк аба жолдорунун Түндүк Америкада каттамдарын баштаткан онунчу жердин Канаданын Монреаль шаары экенин билдирген.
Кабарда Түрк аба жолдорунун Канадада Торонтодон кийин каттамдарын баштаткан экинчи шаар болгон Монреалга шейшемби, жума жана жекшемби күндөрү болуп жумасына үч күн эки тараптуу түрдө каттамдарын жүргүзө турганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар