Түрк басма сөзү 3.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

81982
Түрк басма сөзү 3.06.2014

«Стар» гезити «Палестинада тарыхый келишим» аттуу кабарында «Хамас» менен «Аль Фатих» уюмунун келишиминен кийин улуттук биримдик өкмөтүнүн расмий түрдө түзүлгөнүн баяндаган.
Гезит жетилген улуттук макулдашуунун алкагында түзүлгөн улуттук биримдик өкмөтүнүн министрлеринин Рамаллахта мамлекет башчы Махмуд Аббастын алдында ант бергенин белгилеген.
Гезит Газадагы мурдагы Палестина өкмөтүнүн премьер-министри Исмаил Ханиенин болсо алгачкы ишин Газанын кайрадан курулушу жана блокаданын жоюлушу болгонун сөз кылып, Газага колдоосунан улам Түркия, Катар жана Еипет да арасында болгон өлкөлөргө ыраазычылыгын билдиргенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Молдова жана Беларусь менен визасыз режим башталды» аттуу кабарында Түркиянын түзгөн келишимдерине ылайык визасыз саякат кылынган өлкө санынын барган сайын артканын баяндаган.
Гезит эң акырында тышкы иштер министрлигинин кол коюлган эки тараптуу келишимдерден кийин Беларусь жана Молдова менен визанын жоюлганын билдиргенин маалымдаган.
«Акшам» гезити Анадолу Арстандары ишкерлер коомунун (ASKON) чакыруусу менен Түркияга келген Стратфордун куруучусу Жорж Фридмандын «Келечек 100 жыл» аттуу китебинде Түркиянын аймактык күч боло турганынан сөз кылганын жана учурда Түркия келип жеткен жердин өзүн акылуу кылганын айтканын баяндаган.
Гезит Фридмандын Түркиянын өсүүсү менен бирге ичкериде жана тышкарыда саясий жетилгендик менен аймакта аскердик күчүн арттырып жатканынын абдан маанилүү болгонун баса белгилегенин сөз кылган. Кабарда учурда Түркиянын Европанын эң динамикалуу экономикасы болгонун белгилеген Фридмандын: «абдан тең салмактуу бир экономикабыз бар» түрүндө сөз айтканын баяндаган.
«Хабер түрк» гезити Бодрумда эртең башатала турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жыйналышына катышкан өлкөлөрдүн жогорку жетекчилеринин супер люкс яхта менен сапарга чыккандарын белгилеген. Гезит айрым дипломаттардын эс алууларын Бодрум жана Гөковада яхтада өткөрө тургандарын белгилеген.
«Йени шафак» гезити дин иштери башкармалыгынын 2013-жылы 779 кишинин Исламиятты тандаганын жарыялаганын белгилеген. Гезит даярдалган көрсөткүчтөргө ылайык эң көп аялдардын мусулман болгонун жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар