Ордунун «Месудийе» кургатылган наны

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-3

2089989
Ордунун «Месудийе» кургатылган наны

Ордунун «Месудийе» кургатылган наны

Катталган күнү: 22.11.2022

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Орду шаарынын Месудийе району абдан өзгөчө ыкма менен бышырылган жана ылайыктуу шарттарда 5 жылга чейин сактала турган нандын мекени. Аймактагы жайлоо маданиятынын негизинде пайда болгон «Месудийе» кургатылган наны, Орду шаардык мэриясынын кайрылуусу менен 2022-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн тизмесине киргизилген. Шакекче түрүндөгү нандын камырында буудай уну, кургак ачыткы, суу жана туз гана колдонулат. Салмагы болжол менен 150 граммды түзгөн нандын камыры 20 мүнөттө ачытылып, бир аз тыныккандан кийин шакекче формага келтирилет. Шакекче камырлар эмен же карагай жыгачы менен 170 градуска чейин ысытылган таш мешке 15 мүнөт бышырылып, жарым бышкан абалда чыгарылат. Нан муздагандан кийин кайра 15 мүнөткө бышырылат. Бул ыкма менен нандагы керектүү кургактыкка жетишилет. Бышыруу процессинен кийин диаметри 25-30 сантиметрге жеткен нандарды толугу менен кургатуу үчүн температурасы 50 градус Цельсияга чейин түшүрүлгөн таш мешке 5 саатка жакын кармалат. Мештен чыгарылып муздатуу үчүн дагы 1 саатка калтырылган «Месудийе» кургатылган наны, аба өтпөгөн абалда таңгакталып сатыкка коюлат. «Месудийе» кургатылган нанын салкын жана кургак чөйрөдө кармаса сактоо мөөнөтү болжол менен 5 жылга созулат.



Тектеш кабарлар