Синоп котрасы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-26

2152254
Синоп котрасы

Синоп котрасы (парусу)

Катталган күнү: 02.12.2021

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Синоп шаары, кол менен жыгачтан жасалган оюнчуктардын бир түрүнө өз атын берген. Синоп муниципалитетинин кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген «Синоп котрасы», жасалышы чеберчиликти талап кылган кеме моделинин бир түрү. Синоп котрасынын парустары жаңгак жыгачынан, борту жана мачталары кайың жыгачынан, кабиналары болсо ясень (күн) жыгачынан жасалат. Бирден бешке чейин парус мамылары бар модель суроо-талапка жараша ар кандай өлчөмдө өндүрүлүшү мүмкүн. Жыгач бөлүктөрү кичинекей араалар менен бир-бирден даярдалган Синоп котрасынын жантайыңкы бөлүктөрүн түзгөн парустар, спирт жалынында мурда нымдалган жыгач бөлүктөрүн жай ысытып, ийүү менен жасалат. Синоп котрасы жалпысынан стол, борт, кабиналары жана мачталардан турат. Мындан тышкары, котранын кабиналарынын ичине кичинекей лампаларды коюу менен жарыктандыруу да камсыз кылынат. Өндүрүш процессинин акыркы бөлүгүндө болсо моделдин көп жылдар бою нымдуулуктан корголушу үчүн лак же сырдоо ишке ашырылат. 



Тектеш кабарлар