Евразия аймагындагы мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы кызматташтык

Евразия күндеми-25

2152252
Евразия аймагындагы мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы кызматташтык

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия аймагындагы мамлекеттердин парламенттери ортосундагы кызматташтык тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнь күнү Алматыда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны болуп өттү. Жасалма интеллект технологиялары маселеси талкууланган жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлери катышты. Уюмда калуу же калбоо маселеси талкууланган Армениянын парламентинин спикери жыйынга келген жок. Жыйында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарынын туруктуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Жолугушууга келген парламент төрагаларын Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев кабыл алды.

Казакстандын мөөнөттүү төрагалыгына байланыштуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жыйындары Алматыда өтүүдө. 6-июнь күнү Алматыда Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун Улуттук коопсуздук кеңештеринин башкы катчыларынын жыйыны болуп өттү. 31-майда Алматыда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Коргоо министрлеринин жыйыны болгон эле.

5-6-июнь күндөрү Баку шаарында ТүркПАнын 13-Башкы Ассамблеясынын жыйыны болуп өттү. “Түрк дүйнөсүнүн жашыл горизонттору: жашыл күн тартибин ишке ашырууда парламенттердин ролу” деп аталган жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Өзбекстан парламенттеринин спикерлери жана Венгриянын парламентинин спикеринин орун басары катышты. Жыйынга Түрк Мамлекеттер Уюмунун, Эл аралык Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун жана ТҮРКСОЙдун жетекчилери да катышты. Жыйындын соңунда Баку декларациясы кабыл алынды. Парламенттин төрагалары журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. ТүркПАнын кезектеги жыйыны Казакстанда өтөт.

Жыйындын алкагында парламент төрагаларынын ортосунда да эки тараптуу жолугушуулар болду. Азербайжан менен Өзбекстандын парламенттеринин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду. Азербайжандын премьер-министри Али Асадов Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре менен жолугушту.

Түрк республикаларынын парламенттеринин Башкы катчыларынын биринчи жыйыны ТүркПА Башкы Ассамблеясынын алкагында биринчи жолу болуп өттү. Кошумчалай кетсек, 5-июнда ТүркПАнын 3-аял парламентарийлеринин жыйыны жана ТүркПАнын 3-жаш парламентарийлеринин жыйыны да болду.

ТүркПАнын Башкы ассамблеясы үчүн Бакуга келген конокторду Азербайжандын Президенти Илхам Алиев кабыл алды. Президент Алиев жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө: «Күн келет, дүйнөнүн бардык көйгөйлөрү Түрк Мамлекеттер Уюму менен кеңешүү аркылуу чечилет»,- деди.

ТүркПАга мүчө парламенттердин тиешелүү комитеттери өз жыйындарын үзгүлтүксүз өткөрүп, комитеттерге жаңылары кошулууда. Мисалы, 22-май күнү Анкарада ТүркПАга мүчө парламенттердин Коргоо жана коопсуздук комиссияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү.

10-июнда Душанбеде Эл аралык парламент форуму болуп өттү. “Суу ресурстары жана жаштар үчүн демографиялык туруктуулук” деген аталышта өткөн форумга 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Евразия аймагында парламенттер аралык кызматташтык өнүгүүдө. Өлкөлөр ортосундагы кызматташууга кандайдыр бир тоскоолдуктардын жаралбашы жана кызматташуунун укуктук негизин түзүү парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу. Ошондуктан парламенттер аралык жана парламенттик ассамблеялардын ишмердүүлүгү маанилүү болуп саналат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар