Борбор Азия республикаларынын С5+1 жыйындары

Евразия күндеми-26

2152901
Борбор Азия республикаларынын С5+1 жыйындары

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программада Борбор Азия республикаларынын С5+1 жыйындары тууралуу кеп салабыз.

Борбор Азия чөлкөмүнүн дүйнөлүк саясаттагы мааниси күн санап артууда. Талибандын Ооганстанда бийликке келиши жана Орусия-Украина согушу сөз болуп жаткан аймактын маанисин ого бетер арттырды. Бул программада C5+1 тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын кыскача тарыхы жана бул форматтын аймак үчүн мааниси каралат.

C5+1 Тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары салттуу түрдө көптөгөн өлкөлөр менен өткөрүлүп келет. Борбордук Азия - Япония тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2004-жылы, Борбордук Азия - Түштүк Корея тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2007-жылы, Борбордук Азия - Европа Биримдиги тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2015-жылы, Борбордук Азия - АКШ тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2015-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн. Борбордук Азия - Индия тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2019-жылы, Борбордук Азия - Италия тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2019-жылы, Борбордук Азия - Орусия Федерациясы тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2019-жылы, Борбордук Азия - Кытай Эл Республикасы тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2020-жылы, Борбордук Азия - Перс булуңунун араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2022-жылы, Борбордук Азия - Германия тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары 2022-жылдан тарта өткөрүлүп жатат. Тышкы иштер министрлеринин бул жолугушуулары мөмөсүн берип, 2022-жылдан тарта мамлекет башчыларынын саммиттери өткөрүлө баштады.

2022-2023-жылдары Биринчи Борбор Азия+1 саммиттери төмөндөгү мамлекеттер менен өткөрүлдү: Индия (2022-жылдын 27-январы, онлайн), Орусия (2022-жылдын 14-октябры), Кытай (2023-жылдын 18-19-майы), Европа Биримдиги (2023-жылдын 2-июну), Перс булуңундагы Араб өлкөлөрү (2023-жылдын 19-июлу), АКШ (2023-жылдын 21-сентябры), Германия (2023-жылдын 29-сентябры). Борбор Азия-Япония биринчи саммити үстүбүздөгү жылдын август айында Казакстанда өтөөрү белгилүү болду.

Борбор Азия чөлкөмүн өз таасири алдындагы аймак катары көргөн Орусия сөз болуп жаткан форматтын артыкчылыктарын тез баамдап, С5+1 тышкы иштер министрлеринин жолугушууларын 2019-жылы баштаганына карабастан, С5+1 саммитин биринчилерден болуп өткөрдү.

Дүйнөнүн улуу державаларынын чөлкөмгө болгон кызыгуусунун артышы Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын өз ара бат-баттан кеңешип туруу зарылдыгын жаратты. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери 2018-жылдан бери бейформал консультациялык жолугушууларды өткөрүп келет. Эске сала кетсек, мындай бейрасмий жолугушуулар 90-жылдары башталып, бирок уланган эмес.

Бул форматтын эң чоң артыкчылыгы, Борбор Азия өлкөлөрүн эл аралык аренада биргелешип аракеттенүүгө, орток позицияны карманууга, өз ара макулдашууга түртөт. Демек, аймактагы мамлекеттердин ички тартип жана мыйзамдарында орун алган карама-каршылыктар акырындык менен жоюлуп, Борбор Азия өлкөлөрү өз ара кызматташтыкты жеңил жасай ала турган абалга келе баштады.

2020-жылдын күз айларында Кыргызстанда бийлик алмашканда, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтери бул окуя боюнча биргелешкен билдирүү таратканын аймактагы мамлекеттер биргелешип аракет кыла баштаганына мисал катары келтирсек болот.

80 миллион калкы бар Борбор Азия мамлекеттери дүйнөдөгү бардык ири өлкөлөр менен бирдей шартта сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан аймактагы өлкөлөр алгач өз ара чек араларды аныктоо, чек ара ашкан сууларды максаттуу пайдалануу сыяктуу көйгөйлөрдү чечиши керек.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар