Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-53

2033387
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-август күндөрүнүн аралыгында Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев биринчи расмий иш сапары менен Вьетнам Социалисттик Республикасында болду. Ханой шаарында Казакстандын президенти Токаев Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыонг, Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Чин, Улуттук Парламенттин спикери Выонг Динь Хюэ жана Коммунисттик партиянын төрагасы Нгуен Фу Чонг менен өз-өзүнчө жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 12 келишимге кол коюлду. Иш сапарынын алкагында президент Токаев Вьетнамдын алдыңкы ишкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, алардын өндүрүш ишканаларын кыдырды.

22-23-август күндөрүндө Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Азербайжанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Бакуда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Шавкат Мирзиёевди расмий салтанат менен тосуп алды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Азербайжан менен Өзбекстандын ортосунда 15 келишимге кол коюлду. Азербайжан-Өзбекстан Жогорку мамлекеттер аралык кеңеши түзүлдү. Президент Мирзиёев мамлекеттик сапарынын алкагында Физули жана Шуша шаарларында да болду. Президенттер Физулиде Өзбекстан тарабынан курулган Мырза Улукбек мектебинин ачылышына катышты. Эске сала кетсек, быйыл Хива менен Шуша боордош шаар протоколуна кол коюшкан.

22-24-август күндөрүнүн аралыгында Палестинанын Тышкы иштер министри Рияд аль-Малики Өзбекстан менен Түркмөнстанда расмий иш сапары менен болду. Палестинанын Тышкы иштер министри Рияд аль-Малики өзбек жана түркмөн кесиптештери менен жолугушту. Түркмөнстан, Өзбекстан жана Палестинанын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Палестинанын тышкы иштер министрин Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, “Халк маслахати” төрагасы Гурбангули Бердымухамедов жана парламенттин спикери Дунягузел Гулманова кабыл алды.

24-август күнү БРИКСтин саммити Түштүк Африкада болду. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун төрагасы катары БРИКС+ жыйынына видеоконференция жолу менен катышты. Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу чечимине байланыштуу Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин да Саммитке онлайн катышууга аргасыз болду.

24-август күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Европа Биримдиги Парламентинин Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Дэвид МакАллистер баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын Европа Биримдиги менен алакасына байланышкан маселелер талкууланды.

25-26-август күндөрү Тажикстандын Президенти Имамали Рахман Казакстанда расмий иш сапары менен болду. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев менен Имамали Рахман тет-а-тет форматында жолугушту. Иш сапардын алкагында 23-26-август күндөрүнүн аралыгында Астанада Тажикстандын маданият күндөрү өткөрүлдү.

 20-август күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Президенттик аппараттын түзүмүн өзгөртүү боюнча чечимге кол койду. Жаңы жобого ылайык, Президенттик аппараттын башчысынын ордуна президенттин жардамчысы деген кызмат орундары түзүлдү. Президенттин 26-августтагы токтому менен Саида Мирзиёева Президенттин жардамчысы болуп дайындалды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн жумада түрк республикаларынын президенттери маанилүү иш сапарларды жасашты; Азербайжан-Өзбекстан мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар