Эрдогандын Булуң сапары

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2014724
Эрдогандын Булуң сапары

Президент Эрдоган шайлоодон кийин биринчи мезгилдерде тышкы саясатта НАТОго көңүл буруп, акырында көптөн бери күтүлүп жаткан Түркиянын экономикалык жана саясий абалынын алкагында абдан маанилүү таасиринин болушу күтүлүп жаткан Булуң сапарын ишке ашырды. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Катарга сапар менен барган Эрдоган коштоосундагы  чоң делегация менен бирге абдан маанилүү келишимдерди түздү. Бул сапар жана түзүлгөн келишимдердин Түркиянын стратегиялык жана экономикалык тереңдигин арттыра турган маанилүү бир процессти баштаткандыгын айтууга болот.

 СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

Президент Эрдоган 3 күндүк Перс булуңу сапарынын алкагында 3 өлкөгө барды. Сапардын негизги күн тартибинде аймактык өнүгүүлөр менен бирге аскердик, саясий жана экономикалык карым-катнаштар болду. Президенттин биринчи аялдамасы Сауд Арабия болду. Эрдоган мураскор принц Мухаммед бин Салам менен падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен жолугушту. Сауд Арабия - Түркия бизнес форумуна катышкан Эрдоган маанилүү аскердик, саясий жана экономикалык келишимдерге кол койду. Айрыкча Түркиянын эң негизги учкучсуз учуучу аппарат  өндүрүүчүсү Байкар менен Сауд Арабиянын ортосунда  жаңы муундагы учкучсуз учуучу аппараттар болгон Акынжылар да ичинде болгон сатуу, окутуу жана биргелешкен өндүрүштүк келишимдерине кол коюлду. Байрактын башкы директору Халук Байрактар билдирүүсүндө бул келишимдин Түркиянын коргоо өнөр жайынын эң чоң келишими экенин белгиледи. Эрдогандын делегациясындагы министрлер дагы тийиштүү кесиптештери менен маанилүү келишимдерге кол коюшту.

Андан кийин Катарга барган Эрдоган Катардын эмири Аль Сани менен жолугушту.  Президент Эрдоган Дохада өткөн Катар  -  Түркия иш форумуна да катышып сөз сүйлөдү. Катар менен да айрым жаңы келишимдерге кол коюлду.

Эрдогандын акыркы аялдамасы шаршемби күнү Бириккен Араб Эмирликтери болду. Бириккен Араб Эмирликтеринин мамлекет башчысы Мухаммед бин Зайед менен жолугушкан Эрдоган Абу Дабиде өткөн Бириккен Араб Эмирликтери  -  Түркия иш форумуна катышты. Сапардын массалык маалымат каражаттарына чагылган эң чоң көлөмдүү келишимдердин Бириккен Араб Эмирликтери менен түзүлгөндүгү байкалууда.

Расмий билдирүүлөргө караганда Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда  50,7 миллиард долларлык келишимдер сөз болууда. Бириккен Араб Эмирликтеринин Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу кайрадан куруу процессинин каржыланышында колдонула турган булактар ​​жана камсыз кылуу менен бирге коргонуу өнөр жайы, транспорт, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана туризм сыяктуу көптөгөн темаларда чоң көлөмдүү келишимдер түзүлдү. Бириккен Араб Эмирликтеринин Түркияда олуттуу инвестиция салышы тууралуу чечим чыгарылгандай :  өзгөчө Байкар башта болгон Бириккен Араб Эмирликтеринин Түркиядан олуттуу курал-жарак сатып алуу үчүн келишимдерди түзгөнү баса белгиленди.

Эрдоган бардык сапарларында Түркиянын жаңы престиждүү продукциясы электрлүү автомобили болгон Тоггду да белек кылуу менен коомдук дипломатия жасап жаткандай байкалууда.

Жалпысынан алганда Эрдогандын Перс булуңу сапарынын абдан ийгиликтүү өткөнү жана тийиштүү өлкөлөр менен олуттуу стратегиялык өнөктөштүк курула баштаганы көрүлүүдө. Катар менен көп жылдык стратегиялык өнөктөштүк бекемделип, өзгөчө Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери менен айтууга болот.

Аймактык нормалдашуудан башка  союздаштык жана өнөктөштүк мамилелерге карай бара жатканын көрө алабыз. Жаңы конъюнктурада тараптардын кызыкчылыктары бири-бирин толуктап, жалпы коркунучтар жана каршы чыгуулар да  бул биримдикке дем берүүдө.



Тектеш кабарлар