Аллергиялык конъюнктивит же көздүн аллергиясы үчүн колдонууга боло турган табигый сунуштар

Шыпаа булагы-35

1834868
Аллергиялык конъюнктивит же көздүн аллергиясы үчүн колдонууга боло турган табигый сунуштар
alerji.jpg

Аллергиялык конъюнктивит

Бул программабызда аллергиялык конъюнктивит, башкача айтканда көздүн аллергиясы үчүн колдонууга боло турган табигый сунуштарды айтып беребиз.

Көздүн кызарышы, сууланышы жана кычышуу сыяктуу белгилери байкалган аллергиялык конъюнктивит; абдан кеңири таралган көз оорусу болуп саналат. Аллергиялык конъюнктивитте көбүнчө эки көз тең чогуу жабыркайт.

• Көздүн кычышуусу жана кызарышы,

• Көздүн оорушу,

• Көздө шишик,

• Көздүн сууланышы сыяктуу жалпы белгилери бар.

 Аллергиялык конъюнктивиттин алдын алуу үчүн коргоочу чараларды төмөндөгүдөй тизмектей алабыз:

• Бубактар көбөйүп, күн нуру төбөдөн тийин турган саат 10.00дөн17.00ге чейин зарыл болбосо күнгө чыкпоо,

• Сыртка чыкканда күндөн коргоочу көз айнек, шляпа, кол чатыр колдонуу,

• Үйдө абаны тазалоочу фильтрлери бар кондиционерлерди колдонуу,

• Бубактар мезгилинде үйдүн жана унаанын терезелерин жабык кармоо,

• Химиялык заттардан, боектордон жана атырлардан алыс болуу,

• Жүндүү үй жаныбарларынан качуу,

• Тамеки түтүнүнөн жана туюк чөйрөлөрдөн алыс болуу,

• Үйдө чаң жуккан килем жана палас сыяктуу нерселерди колдонбоо.

Көздү коргоо чаралары болсо;

• Көздү тырмабоо,

• Муздак компресс жасоо. Компресстер кычышууну жана сезгенүүнү азайтуу аркылуу пайдалуу болушу мүмкүн.

• Жасалма көз жашын көзгө муздак тамчылатпоо жана

• Контакттык линзаларды колдонууну токтотуу керек.

 1.Урматтуу угармандар, бул чаралардан тышкары;

Козгоочулардан алыс болуу

 Муздак компресс

Таза чүпүрөк, стерилдүү марля, салфетка же сүлгү менен жабыркаган көзгө муздак компресс коюу кычышуудан жана оорудан тез арылууга жардам берет. Ошондой эле шишикти азайтат. Бирок эки көзгө бир чүпүрөк колдонбоңуз, ар бир көзгө ар башка кездеме колдонуңуз.

 Кара чай баштыгы

Аллергиялык конъюнктивитти дарылоонун дагы бир эффективдүү ыкмасы - кара чай баштыктарын колдонуу. Кара чайдын курамындагы таниндер көзүңүздү тынчтандырып, ооруну жана сезгенүүнү азайтууга жардам берет.

2 стакан ысык сууга 5 чай баштыгын салыңыз. Чай баштыктарын чыгарып, таза тарелкага салып муздатыңыз. Чай баштыктарын көзүңүздүн үстүнө 15-20 мүнөт кармаңыз. Абалыңыз жакшырганга чейин бул ыкманы күнүнө 3-4 жолу жасаңыз.

 Ромашка

Ромашка чайын муздак компресс же көз жуугуч катары колдонгондо кычышуудан жана көздүн кыжырдануусунан арылтат.

2 ромашка чайы баштыгын 2 стакан ысык сууга салып, 5 мүнөт демдейсиз. Чай баштыктарын чыгарып, муздаткычка бир жерге коюңуз. Муздаган чай баштыктарын көзүңүздү жумгандан кийин 10 мүнөткө жакын көзүңүзгө коюңуз. Тез айыгуу үчүн күнүнө 3 же 4 жолу кайталаңыз.

Күнүнө 2-3 жолу даярдалган ромашка чайынын жылуу суусу менен да көзүңүздү жуусаңыз болот.

Розасууcунун тамчысы

Таза роза суусу тынчтандыруучу жана муздатуучу касиеттери менен көздүн кызаруусун кетирүүгө жардам берет.

Көзүңүздү күнүнө 2 же 3 жолу таза роза суусу менен жууп туруңуз.

Роза суусуна малынган кебезди күнүнө 2 же 3 маал 15-20 мүнөткө көзүңүзгө коюңуз.

 Райхан

1 стакан ысык сууга бир ууч абдан жакшы жуулган райхан жалбырагын салып, үстүн жаап 10 мүнөт тыныктырып коюңуз.

Сууну чыпкалап, муздаганча күтүңүз. Аны менен көзүңүздү күнүнө 2 же 3 жолу жууп туруңуз. Бул сууга түксүз чүпүрөктү чылап, жылуу компресс жасасаңыз да болот.

 Бадыраң

Муздатылган бадыраң - аллергиядан сезгенүүнү жана кыжырданууну басаңдатуучу жакшы каражат.

Бадыраңды туурасынан калың кылып туурайбыз. Тилимдерди 10 мүнөткө муздаткычка салып коюңуз.

Муздак тилимдерди жабык көзүңүзгө 10 мүнөттөй же жылымык болгонго чейин кармаңыз.

Бул ыкманы күнүнө бир нече жолу кайталаңыз.

Муздак сүт

Кайнагандан кийин муздатылган сүткө таза кебезди малыңыз. Көзүңүздү жумуп, тегерете сүртүңүз. Муну күнүнө 2 же 3 жолу кайталаңыз.

Ошондой эле түксүз чүпүрөктү муздак сүт менен нымдап, 15-20 мүнөткө жумулган көзүңүзгө басыңыз. Муну күнүнө 3 же 4 жолу да жасасаңыз болот.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасын окудуңуздар.



Тектеш кабарлар