Буларды билесиздерби?

Стамбулдагы аялдар музейи

1803302
Буларды билесиздерби?

Түркиянын алгачкы, дүйнөнүн үчүнчү аялдар музейинин Стамбулдагы аялдар музейи экендигин билесиздерби?  

2012-жылдын 25-сентябрында виртуалдык чөйрөдө ачылган Стамбул аялдар музейи Түркиянын биринчи жана дүйнөнүн үчүнчү шаар аялдар музейи катары дүйнөлүк стандартта заманбап мекеме.

Азырынча онлайн режиминде гана кирүүгө боло  турган Стамбул аялдар музейи;  биринчи аял каллиграфчы, биринчи аял журнал чыгаруучу жана биринчи аял классикалык батыш музыкасынын дирижёру сыяктуу унутутта калган же көз жаздымда калган жана азыркы учурдагы адамдарды эске салуу менен шаар аялдардын эс тутумун  жаратууда.

Музейдин туруктуу көргөзмөсү тарыхы биздин заманга чейинки 660 – жылы Византион деген ат менен башталган Стамбулдун көркөм өнөр жана маданий турмушунда өзүнөн кийинки аялдар үчүн «жол ачуучу» ролун ойногон же ойноп жаткан аялдардын биографияларына орун берген.

Музей ошондой эле маалымат жана диалог максатында маданий иш - чараларды жана социалдык жоопкерчилик долбоорлорун даярдап жатат.

Түркиядан жана дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген зыяратчылар каалаган убакта жалгыз же достору менен музейдин  төрт тилде берген маалыматтарын угуп,  Стамбул аялдар музейин зыярат кыла алышат.



Тектеш кабарлар