Казакстанда ЕАЭБнин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү

Евразия күндеми-27

1789218
Казакстанда ЕАЭБнин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү

Ардактуу окурмандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин Казакстанда болуп өткөн жыйыны тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-февраль күндөрү Нур-Султан шаарында Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн бул жыйынга Беларусия, Армения, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандын өкмөт баштчылары катышышты. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ЕАЭБдин жыйындарына байкоочу катары катышып келе жатат. Белгилей кетчү жагдай, Евразия Экономикалык Биримдигинин Казакстандагы жыйындары буга чейин Алматы шаарында өткөрүлүп келген. Январь окуясынан кийинки мезгилде болсо ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Казакстандын борбор шаарында өттү.

Евразия Экономикалык Биримдигинин пандемиядан кийинки мезгилдеги экономикалык абалы жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, инфляция, геосаясий чыңалуу, Орусия менен Беларусияга киргизилген санкциялардын биримдикке мүчө мамлекеттерге тийгизген таасири сымал темалар жыйындын күн тартибиндеги негизги темалардан болду. Жыйынга катышкан өкмөт башчылары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көбөйгөнүнө канааттангандыктарын билдиришти. Жыйында айтылган маалыматка караганда, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын көлөмү 2021-жылы пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу 18 пайызга өскөн.

Жыйындын соңунда жалпысынан 11 документке кол коюлду. Булардын арасында уюмдун алкагында жарандык учактарды биргелешип чыгаруу боюнча өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү келишими жана биримдиктин айрым иш-аракеттерине Өзбекстандын катышуусу боюнча документтер бар.  ЕАЭБде төрагалык кылуу кезеги Казакстандан Кыргызстанга өттү. Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын 21-22-июнь күндөрүндө Беларусиянын Брест шаарында өтөт.

25-февраль күнү Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев аты аталган жыйынга катышкан өкмөт башчыларын кабыл алды. Президент Токаев өз сөзүндө азыркы геосаясий шарттарда ЕАЭБдин алдында чоң милдеттер турганын белгиледи. Өкмөт башчылары актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүштү.

2010-жылы Россиянын жетекчилиги астында түзүлгөн жана экономикалык интеграцияны көздөгөн Евразия Экономикалык Биримдигине бүгүнкү күнгө чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин беш мүчөсү гана кирди. Ооганстан кризиси, Украина кризиси сыяктуу маселелерден улам Евразиядагы геосаясий кырдаалдын толук турукташа албаганы жана биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү, тагыраак айтканда Беларусия, Армения, Казакстан жана Кыргызстандагы саясий башаламандыктар уюмдун ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди. Орусиянын Украинага чабуулу менен кыйла күчөп кеткен Орусия-Батыш кризисинен жана санкциялардан улам ЕАЭБди чоң кыйынчылыктар күтүп турат.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында: "Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жана улуттук рыногун коргоого аракет кылат. Өзгөчө экономикалык турбуленттүүлүк шарттарында келечекке карата стратегиялык көз карашыбызды аныктоо жана улуттук кызыкчылыктар менен интеграциялык процесстердин ортосундагы туура балансты табуу маанилүү”, - деп айтты. Чынында эле, биримдикке кирген мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктары менен интеграциялык процесстердин ортосунда туура баланс түзүлүшү керек.

Электрондук өкмөт, жашыл экономика, транспорт, кайра жанма энергия булактары сыяктуу тармактарда кызматташууга басым жасоо, үчүнчү өлкөлөр менен көбүрөөк кызматташуу жана бардык мүчө мамлекеттердин уюмдун максаттарына жана милдеттерине ылайык иш алып баруусу, уюмдун оор кырдаалдан чыгышына жардам берет. Кошумчалай кетели, айрым изилдөөчүлөр белгилегендей эле, ЕАЭБдеги негизги көйгөйлөрдүн бири интеграциядан түшкөн пайданын бирдей бөлүштүрүлбөгөнү болуп саналат. Уюмдун иштөө механизминдеги мындай мүчүлүштүктөрдү жоюу - анын келечеги үчүн маанилүү.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар