Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-24

2152248
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Япониянын Тышкы иштер министринин орун басары Киото Цудзини кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн алакалары жана Борбор Азия-Япония саммити талкууланды.

Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала өткөн аптада Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжанда болду. Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев 3-июнда Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеаланы кабыл алды. Жолугушууда Казакстандын аталган уюм менен кызматташуусу талкууланды. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Нгози Оконжо-Ивеалага “Достук” медалын тапшырды. Эскерте кетсек, 14-15-май күндөрү Алматыда 13-Борбордук Азия соода форуму болуп өткөн.

5-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, 6-июнь күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеаланы кабыл алды. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Өзбекстандын жана Азербайжандын Дүйнөлүк соода уюмуна толук кандуу мүчө болуу маселеси болду.

Египет Араб Республикасынын Сенатынын Төрагасы Абдулвахаб Абдулразик Өзбекстандан кийин Казакстанга барды. Астанада Египет Араб Республикасынын Сенатынын төрагасы казак кесиптеши менен жолугушту. 4-июнда Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Египет Сенатынын төрагасын кабыл алды.

6-июнь күнү Пекинде Кытай Эл Республикасынын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын транспорт министрлери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу келишимине кол коюшту.

5-6-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Түркияда расмий иш сапары менен болду. Түркия-Өзбекстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 3-жыйыны 6-июнда Анкарада болуп өттү. Жыйындын соңунда эки өлкө ортосунда 18 келишимге кол коюлду. Президенттер журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү. Президент Режеп Таййип Эрдоган Шавкат Мирзиёевге Түркия Республикасынын мамлекеттик орденин тапшырды. Иш сапардын алкагында Түркия-Өзбекстан бизнес форуму өттү. Президент Мирзиёевди аэропорттон Президент Режеп Таййип Эрдоган өзү узатты.

7-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммед Аль-Жасерди кабыл алды. Жолугушууда Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргызстан менен кызматташтыгы талкууланды.

5-июнь күнү Бакуда Азербайжан менен Венгриянын тышкы иштер министрлеринин 2-стратегиялык диалог жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана жолугушуу протоколуна кол коюлду.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында 6-июнь күнү Шинжаң-Уйгур автономиялуу районуна барды. Министр Фидан Үрүмчү жана Кашкар шаарларында жолугушууларды өткөрдү.

7-8-июнь күндөрү Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Египет Араб Республикасында расмий иш сапары менен болду. Президент Алиев Египеттин Президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен жолугушту. Жолугушуулардын соңунда эки өлкөнүн ортосунда 7 келишимге кол коюлду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар