Буларды билесиздерби?

Каз тоолорунун эндемикалык өсүмдүктөрү.

1691511
Буларды билесиздерби?

Каз тоолорунда 79 түрдүү эндемикалык өсүмдүктүн өскөнүн билесиздерби?

Анадолуда өскөн 3000ден ашуун эндемикалык өсүмдүктүн 79зу Каз тоолорунда. Каз тоолору Түркиянын Эгей аймагы менен Мармара аймагынын түштүк  - батыш чек арасын түзгөн Чанаккале облсунун чектеринде жайгашкан тоо массасы.

Ушул кезге чейин аныкталган 800гө жакын түрдүн  79у эндемикалык өсүмдүк.

Эндемикалык өсүмдүк түрлөрүнөн 31 түрү дүйнөдө бир гана Каз тоолорунун Улуттук парк чектеринин ичинде өсөт. Бул аянтта да аз кездешкен өсүмдүктөрдүн  31 түрү бар. Бул өзгөчөлүктөрдөн улам аймак “Planta Europa” жана Дүйнөлүк Табиятты Коргоо Фонду тарабынан Түркиянын негизги өсүмдүк аянттарынын бири деп жарыяланды.



Тектеш кабарлар