Пешмерге менен ПКК кагылышуусу Сирияны да ичине тартууда

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1664639
Пешмерге менен ПКК кагылышуусу Сирияны да ичине тартууда

  Түркиянын Ирактын түндүгүндөгү операцияларынан кийин башталган Пешмерге  -  ПКК  кагылышуусу кээ кээде улантылып, тараптардын ортосундагы күч күрөшү Сирияны да ичине ала баштады. ПЙД/ЙПГнин лидеринин Күрдистан демократиялык партиясын бутага алган билдирүүлөрү менен бирге Күрдистан демократиялык партиясынын лидердери да ПЙД/ЙПГнин террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы экендигин баса белгилеп жооп кайтарышкан. Эми болсо  Фишхабур/ Семалке чек ара капкасы да жабылды. ПЙД/ЙПГнин Эрбил өкүлдөрү камакка алынды. К24түн Сирияда террордук уюм ПКК аймагындагы кеңселери жабылды.

 СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

Түркия ПКК террордук уюмуна карата  Ирактын түндүгүндө баштаган чоң аскердик операцияларын улантып жатса,  Улуттук Чалгындоо Уюму да жүргүзгөн операциялары менен  уюмдун негизги ысымдарын жана аянттардагы командирлерин жок кылууну улантууда. Түркиянын күч алган аскердик кысымына пешмергенин аянтта логистикалык жардам бериши менен уюм көзөмөлүндөгү аймактарда изоляцияланып, стратегиялык туңгуюкка кептелди. Дүрбөлөңгө түшкөн уюм  пешмерге күчтөрүнө кол салууда. Бир тараптан Күрдистан коомдор биримдиги КЖКнын лидерлиги Күрдистан демократиялык партиясын бутага алган оор билдирүүлөрдү жарыялоодо жана ПККга күрт коомдук пикири менен жарандык коом уюмдары жана  саясий элементтер мобилизацияланып Күрдистан демократиялык партиясына карата кысым атмосферасын түзүү аракети сөз болууда. Акыркы жолу Европада уюмдаштырылган элементтер аймакка келип ПКК үчүн жандуу калкан болуу аракетинде эле. Бирок Ирак күрт аймактык башкаруусу бул элементтерди алыстатып (депортациялап) бул аракетти да ийгиликсиз кылды. Күрдистан демократиялык партиясы менен ПКК террордук уюмунун ортосунда улантылып жаткан бул күч күрөшүнүн  Сирияны да ичине алары күтүлгөн бир абал эле. Буга чейин ЙПГ мүчөлөрүнүн тобу чек ара тилкесиндеги Пешмерге заставасына кол салып, кыска мөөнөткө басып алышкан. Кайрадан Күрдистан демократиялык партиясына  жакын жайгашкан Күрт Улуттук Кеңешинин (ENKS) кеңселери өрттөлүп, анын артында ПККнын жаштар уюму тургандыгы аныкталды. Бирок, учурда чыр-чатактар ​​жана бийлик талашуу күчөп турган учурда, эки регионду түз байланыштырган Фишабур / Семалка чек ара капкасы жабылды. Мындан тышкары, Эрбил шаарында ПЙД / ЙПГнин өкүлдөрү болгон ысымдар кармалып, камакка алынды. Ал эми ПЙД / ЙПГ, буга жооп катары Ирак күрт аймактык башкаруусунун медиа органы K24түн кеңселерин жаап, анын маалыматтарына бөгөт койду. Мындан тышкары, Камышлы, Айн аль Араб сыяктуу аймактарда террордук уюм ПККны колдогон жана Күрдистан демократиялык партиясы КДПны айыптаган көптөгөн чакан демонстрациялар уюштурулду.

ПЙД / ЙПГнин Сириядагы Пешмерге менен террордук уюм ПККнын ортосундагы кагылышууга жана бийлик талашына кошулушу, бул структуранын ПККнын Сириядагы уландысы жана уюмдашуусу экендигин аныктады. Ирак күрт аймактык башкаруусу  жана Күрдистан демократиялык партиясы ПКК менен күрөшүүнүн Сирия аянтын да камтуусу керектигин дагы бир жолу көргөн болду. Күрдистан демократиялык партиясынын жетекчилигинин Ирак күрт аймактык башкаруусунун ичиндеги күчсүздүктөн пайдаланып бир рак сыяктуу аймакта жайылган террор уюму менен күрөшүү үчүн түрк куралдуу күчтөрүнүн аскердик операцияларын жана уюмга карата кысымын мүмкүнчүлүк катары көрүүлөрү керек. Күрдистан демоктариялык партиясы жана Пешмерге эми чындыгында түздөн түз аскердик операцияларга катышып Түркияга колдоо берип жана бул террордук уюмдан кутулуу үчүн тарыхый бир мүмкүнчүлүккө жакындап жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдонбосо бул террордук уюм менен беттешүүнү уланта берет.



Тектеш кабарлар