Түркия-Украина мамилелериндеги соңку абал

Евразия күндеми-53

1555567
Түркия-Украина мамилелериндеги соңку абал
akar çavuşoğlu ukrayna.jpg
akar çavuşoğlu ukrayna1.jpg
Türkiye ukrayna anlaşma.jpg
ukrayna.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan, Ukrayna Başbakan Yardımcısı Oleg Uruskiy'i kabul etti.jpg

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Түркия менен Украинанын ортосундагы кызматташтыктын соңку абалы тууралуу кеп кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын акыркы эки аптасы Түркия-Украина мамилелери үчүн аябай жемиштүү өттү. Негизинен эле 2020-жылы эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн аябай жакшы жыл болду. Алгач акыркы окуяларга кыскача көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Түркиянын Коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир баштаган делегация Украинада иш сапары менен болду. Иш сапардын алкагында Түркиянын Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы менен Украинанын Коргоо министрлигинин ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Кол коюлган келишимге ылайык, 21-декабрь күнү Түркия менен Украинанын биргелешкен корветтери Украинанын Николаев шаарындагы Океан кеме верфинде өндүрүлө турганы жарыяланды.

18-декабрь күнү Киев шаарында Түркия жана Украинанын Тышкы иштер министрлери менен Коргоо министрлеринин катышуусунда “2+2” форматындагы жыйын болуп өттү. Жыйындын соңунда орток декларация жарыяланды. Декларацияда саясат, экономика жана коргонуу тармактары менен бирге кызматташтык тармактарынын кеңейтилиши боюнча орток ниет тастыкталды. Түрк министрлери иш сапарынын алкагында Украинанын президенти Володимир Зеленский, премьер-министри Денис Шмыгаль менен жолугушушту. Мындан тышкары өлкөдөгү түрк диаспораларынын өкүлдөрү менен дагы жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошол эле күнү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинадагы элчилер конференциясына ардактуу конок катары катышты. Конференцияда Чавушоглуна Украинанын филантроптор коому тарабынан “Жакшылык периштеси” сыйлыгы ыйгарылды. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 2020-жылы Түркия менен эң сонун кызматташуу жүргүзүшкөнүн жана буга аябай канагаттанганын билдирди.

25-декабрь күнү Украинанын президенти Володимир Зеленский Запорожье шаарында “Онур групп” фирмасы тарабынан 8 айда курулуп бүткөн көпүрөнүн ачылыш аземине катышты. Ошентип бул түрк фирмасы Украинада 55 жылдан бери пландалып келген көпүрөнү элдин кызматына сунду.

Ошол эле күнү Киевде белгилүү илимпоз Агатангел Крымскийдин илимий иштерин камтыган “Чыгыш мамлекет куруу салты” аттуу жыйнактын бет ачаары болду. Бет ачаар аземине Түрксойдун баш катчысы Дүсен Касеинов да катышты. Касеинов Киевде Украинанын Маданият жана информация саясаты министри Олександр Ткаченко, Украинанын Тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар менен жолугушту. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык талкууланды. Украинанын түрк дүйнөсү менен кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин баса белгилей кетели.  Мисалы, 22-декабрь күнү болгон Түрквизион ыр сынагында Украинадан Наталья Папазоглу байгелүү биринчи орунду жеңип алды.

Урматтуу окурмандар, жогоруда айтылган окуялардан байкалгандай эле, Түркия-Украина мамилелери эң мыкты доорун башынан кечирип жатат. Акыркы эки аптада эки мамлекеттин мамилелерин өнүктүрө турган жаңы келишимдерге кол коюлду. “2+2” форматында Тышкы иштер жана Коргоо министрлеринин алгачкы жыйыны өткөрүлдү. Кээ бир тармактарда орток жаңы иштер башталды. Бул нерселер пандемиядан кийинки мезгилде Түркия-Украина мамилелеринин жаңы баскычка чыгаарынан жана Түркия менен Украина президенттеринин соода жүгүртүү алакасын 10 миллиард долларга жеткирүү планын бат эле жүзөгө ашаарынан кабар берет. Коопсуздук тармагындагы жакын кызматташтык жакынкы келечекте башка тармактарда да жакын кызматташуунун жаралышына позитивдүү таасирин тийгизе алат. Түркия менен Украинанын стратегиялык кызматташтыгы бүтүндөй региондун пайдасына болуп саналат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков!



Тектеш кабарлар