Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1480422
![Тарыхта бүгүн](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dc6e/ee0b/7378/5d5babdf9fdab.jpg?time=1719126366)
1922-жылдын 30-августунда, Боштондук согушу түрк армиясынын чечкиндүү жеңиши менен аяктаган. Мустафа Кемал Паша жеке өзү жетектеген Думлупынар согушунда грек армиясы жеңилип калды. Грек армиясынын башкы колбашчысы Трикопис жана анын кызматкерлери колго түшүрүлдү.
**
1988-жылдын 30-августунда, Ирак армиясынан качып Түркия чек арасына топтолгон 500 миңге жакын ирактык күрт, өкмөтүнүн уруксаты менен Түркиянын кирди.
**
1995-жылдын 30-августунда, НАТО Маркале кыргынынан кийин босниялык сербдерге каршы аба чабуулун баштады. "Чечкиндүү күч" операциясы Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң күчтүү бомбалоо болду.