Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1480428
1526-жылдын 29-августунда, Кануни Султан Сулеймандын буйругу менен Осмон аскерлери Мохач согушунда венгр армиясын жеңди. Венгриянын падышасы Лайос II согушта көз жумуп, Венгриянын көпчүлүк бөлүгү Осмон падышалыгынын көзөмөлүнө өттү.
**
1756-жылдын 29-августунда, Пруссиянын падышасы Фредерик IIнин Саксонияга чабуулу менен Европадагы бардык өлкөлөргө жайылган Жети жылдык согуш башталды.
**
1915-жылдын 29-августунда "Касабланка" тасмасы менен дүйнөгө белгилүү болгон швед актрисасы Ингрид Бергман Швецияда жарык дүйнөгө келди. Бергман Лондондо 67 жаш туулган күнүндө көз жумду.
**
2005-жылдын 29-августунда, «Катрина» куюну АКШнын түштүк штаттарын кыйроого учуратты. Куюн 1836 адамдын өмүрүн алып, 115 миллиард долларлык зыян келтирди.