Халач түркчөсү
Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү.
Урматтуу радио угармандар, «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу программабызга кош келдиңиздер. Программабыздын мындан мурдагы чыгарылышында кашкай түрктөрү, кашкай түрктөрү жашаган жер жана кашкай түркчөсү тууралуу сөз кылганбыз. Бүгүн халач түрктөрү, халач түрктөрүнүн жашаган жери жана халач түркчөсүнө токтолобуз.
Халач түркчөсү түркчөнүн аргу бутагынын жашаган бир гана өкүлү болуу жактан абдан маанилүү. Ал түгүл түркчөнүн архаикалык өзгөчөлүктөрү жактан да азыркы күндө сүйлөшүлүп жаткан түрк тилдеринин арасында атайын орунга ээ. Халач түркчөсүнүн азыр да жашап жаткандыгы Германиядагы Гёттинген университетинин түркология бөлүмүнүн (Герхард Доерфер жана анын командасы) 1968 - жылы Иранга жасаган изилдөө сапары менен аныкталган.
Халач түркчөсүндө сүйлөгөн халач түрктөрү тарыхый процесстин ичинде түрдүү аймактарга жайылган болсо да азыркы күндө тилдерин сактап калган халач түрктөрү жашаган бир гана аймактын Иран экендиги белгилүү. Ирандан башка Түркия жана Түркмөнстанда халач түрктөрүнүн саны көп жамаат экендигин айтууга болбойт бирок өздөрүн халач деп атаган аз санда калк бар. Мунун тышында Түркия чектеринин ичинде Агры облсунун Догубаязыт районуна, Нигде облусунун Бор районуна жана Сакаря облусунун Хендек районуна караштуу Халач деп аталган 3 айыл бар. Болу облусунун Гереде районуна жана Ушак облусунун Баназ районуна караштуу халачтардын ысымы менен аталган эки айыл бар.
Халач түрктөрү тууралуу алгачкы маалыматтар Огуз каган дастанынын уйгурча жана фарсча тексттеринен алсак болот. Айрыкча X – XIV кылымдарда ислам географттары жана аалымдары бул түрктөр тууралуу маалыматтарды беришкен. Мындан тышкары, нумизматикалык табылгалар бул темада биз үчүн абдан маанилүү булактар болуп саналат. Бул булактарда Халачтар «Калач, Халач, Хылчы, Халажи» деп айтылат. Алар жашаган географиялык аймак азыркы Афганистандын түндүгүндө жана Тажикстан менен Өзбекстандын түштүк аймактарын камтыган тарыхый Тохаристан катары көрсөтүлүүдө. Халачтар Амударыянын түштүгүндө эрте отурукташкан түрк жамааттарынын арасында орун алат. Амударыясынын түштүгүндө биринчи жолу VII кылымдын акыркы чейрегинде Саминган провинциясынан табылган эки Бактрия документинде аттары «Халасо» деп аталган. Кытай жылнамаларында (Синь – Таншу) ошол эле аймакта “Хедалуожи” же “Гэдалуожжи” деген ат менен кездешет. Анын издерин Амударыянын түштүгүндө табылган Брахми жазуусу бар тыйындар аркылуу байкоого болот, аларда «Hitivira Kharalaca», башкача айтканда, «Halaç İlteberi» деген жазуу бар. Алардын келип чыгышы боюнча ар кандай пикирлер бар. Алардын карлуктар менен бир уруу экени жана эфталиттердин калдыктары экендиги тууралуу берилген маалыматтар өзгөчө маанилүү. Бул көз караштардан тышкары, огуздарга таандык экенин айткан тарыхчылар да бар.
Халач түркчөсү тууралуу биринчи сөз кылган киши 11 - кылымда жашаган улуу түрк тилинин изилдөөчүсү Кашкарлы Махмуд болгон. Улуу түрколог «Дивану Лугати'т - түрк» аттуу эмгегинде халач түрктөрүнөн сөз кылып, алардын тилинен мисалдарды келтирген. Бул мисалдардын көбү бүгүнкү Халач түркчөсүнө туура келет.
Халач түркчөсү кылымдар өткөндөн кийин, башкача айтканда 1906 - жылы иран тилдери боюнча адис Владимир Минорский тарабынан байкалган жана халач түркчөсүнө байланыштуу материалдар чогултултулган.
Кийинчерээк ирандык тарыхчы жана лингивист Мухаммед Могаддем халачтар жана халач түркчөсү тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, 1950 - жылы эмгегин жарыялаган. Луи Базиндин 1969 - жылдагы эмгектеринен кийин немис түркологу Герхард Доерфердин шакирттери Семих Тезжан, Вольфганг Хеше жана Генрих Шейнхардт менен бирдикте 1968 - 1973 - жылдары халач түркчөсү тууралуу жүргүзүлгөн изилдөө бүгүнкү түркология жамаатында «Халач түркчөсүнүн кайра ачылышы» катары каралууда. Анткени сөз болуп жаткан бул мезгилге чейин халач түркчөсү Иранда колдонулган түрк диалектилеринин бири катары кабыл алынып, түрк тилдеринин түштүк - батыш же огуз тобуна кирген. Доерфер жана анын шакирттери кеңири изилдөөлөрүнүн натыйжасында халач түркчөсүнүн архаикалык жана оригиналдуу өзгөчөлүктөргө ээ экенин айтып, анын Кашкарлык Махмуд айткан аргу тилинин өкүлү экенин аныкташкан.
Халач түркчөсү азыркы түрк тил тармагынын географиялык жана лингвистикалык принциптери боюнча огуз тобуна жакын болуу менен өз алдынча түрк тилинин бир бутагы катары каралууда. Азыркы күндө 51 000 киши сүйлөгөндүгү болжолдолгон бул тилдин расмий статусу жок. Ирандын Аштиян, Ферахан, Тефреш шаарларында 29 жана Кум шаарында 31 халач айылы бар. Азыркы күндө халач түркчөсүндө сүйлөгөн кишилер ушул айылдарда жашаган орто жаш жана улуу муундар, эң көп башталгыч мектеп жана орто мектепке чейин билим алган, дыйканчылык жана мал - чарбачылыгы менен күн өткөргөн халач түрктөрү. Чоң шаарларда жашаган халач жаштары эне тилдерин колдонуунун ордуна өлкөнүн расмий тили болгон фарсчаны колдонууну тандашууда. Ушул себептен ансыз да расмий тил статусу болбогон, оозеки тил катары жашаган жана сүйлөгөндөрдүн саны да күн өткөн сайын азайган халач түркчөсү ЮНЕСКОнун 2010 - жылы жарыяланган «Коркунуч астындагы тилдердин кызыл китебинде» «коргоосуз тил» катары катталган.
Урматтуу радио угармандар, бүгүнкү программабызда профессор Гүлсүм Килли Йылмаздын кошкон салымы менен илимдин кандидаты Саида Бурханидинова даярдаган «Түрк тилинин сыйкырдуу дүйнөсү» аттуу программабызда халач түрктөрүнө токтолдук, келерки жумада жолугушканча саламатта болуңуздар.