Түрк республикалардын күн тартибиндеги окуялар
Евразия күндеми-38
“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.
Үстүбүздөгү жылдын 8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия (мурдагы), Татарстан жана Якутиянын президенттери, Түркмөнстандын калк маслахатынын төрагасы, Түрк тилдүү мамлекеттер уюму, ТҮРКСОЙ, Түрк инвестиция фонду, ТүркПА, Түрк маданияты жана мурасы фонду сыяктуу эл аралык уюмдардын башкы катчылары, түрк республикаларынын спорт министрлери катышты. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 89 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу күч сынашты.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 10-сентябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмунун Жаштар жана спорт министрлеринин 8-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Венгрия, Өзбекстан жана Түркиянын спорт министрлери катышты. Жыйында кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.
9-сентябрь күнү Казакстанда Түрк мамлекеттер уюмунун Юстиция министрлеринин биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлери катышты. Жыйындын соңунда Астана декларациясына кол коюлду.
10-сентябрь күнү Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды. Премьер-министр Мишустин менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде Өзбекстан-Орусия өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 5-жыйыны өттү. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын Премьер-министри Мишустинди кабыл алды.
11-сентябрь күнү Түркия Республикасынын Коргоо министри Яшар Гүлер Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Министр Гүлер Казакстандын Коргоо министри Руслан Жаксылыков менен жолугушту. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев министр Гүлерди кабыл алды.
11-сентябрда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Жолугушууда аймактык коопсуздук, биргелешкен аскердик машыгуу сыяктуу маселелер талкууланды.
12-сентябрь күнү Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Ички иштер министри Али Йерликая жана Улуттук чалгындоо башкармалыгынын директору Ибрахим Калын Өзбекстанга барды. Түрк делегациясы Ташкентте өзбек кесиптештери менен жолугушту. Жыйындын соңунда Жол картасы документине кол коюлду. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев түрк делегациясын кабыл алды. Эскерте кетсек, мындай форматтагы жолугушуу Түркия менен Өзбекстандын ортосунда биринчи жолу болду.
Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясынын 3-жыйыны 9-11-сентябрь күндөрү Бакуда болуп өттү. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү катышты. Жыйындын соңунда 34 тамгадан турган Орток түрк алфавити боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланды. 34 тамгадан турган Орток түрк алфавити Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде президенттердин бекитүүсүнө сунушталат.
Азербайжан-Грузия-Түркия коргоо министрлеринин 11-жыйыны 10-сентябрда Батумиде болуп өттү. Жолугушуунун соңунда үч тараптуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Келерки аптада Грузияда аты аталган өлкөлөрдүн аскерлеринин катышуусунда “Чексиздик 2024” биргелешкен аскердик машыгуусу өткөрүлөт.
Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова