Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1915-жылдын 19-августунда, түрк адабий дүйнөсүнүн атактуу акыны Тевфик Фикрет 48 жашында Стамбул Румелихисардагы үйү Ашиянда көз жумду. 30 жылдан кийин ошол эле күнү Ашиян музей катары коомчулукка ачылды.
**
1946-жылдын 19-августунда, Кытайда Чанг Кай-Шектин лидерлигиндеги улутчулдар менен Мао Цзэдун жетектеген коммунисттердин ортосунда жарандык согуш башталды. 1949-жылга чейин созулган жарандык согушту Пекинди басып алган коммунисттер жеңди.
**
1953-жылдын 19-августунда, Иранда бийликке шайлоо аркылуу келген премьер-министр Мухаммед Мусаддык, АКШ менен Англия уюштурган Шах жактоочуларынын төңкөрүшү менен бийликтен четтетилди.
**
1991-жылдын 19-августунда, Советтер Союзунда коммунисттик генералдар төңкөрүш жасоого аракеттеништи. Президент Михаил Горбачев кызматтан алынды деп жарыяланды бирок, Горбачев эки күндөн кийин кызматына кайтып келгендигин билдирди.