"Су бөреги"

Түркиянын сүйүлгөн даамдарынын бири «су бөрегинин» Осмон империясынын ашканасына таандык тамактардын бири экенин билесиздерби?

1472555
"Су бөреги"

Түркиянын сүйүлгөн даамдарынын бири «су бөрегинин» Осмон империясынын ашканасына таандык тамактардын бири экенин билесиздерби?

Су бөреги  Түкияга таандык бир топ бөрек түрлөрүнүн бирөөсү. 19 -  кылымда Осмон империясынын ашканасында жасалган су бөреги азыркы күндө да абдан сүйүлөт жана көп жасалат. Мурунку булактарда су бөрегинин  алгач Кыршехирде жасалганы айтылса да негизинен Түркиянын дээрлик бардык жерлеринде билинген жана түрдүү азыктар менен жасалган бөрек түрү.

Жасалышы абдан кыйын жана убаракерчиликүү болгон бул су бөрек конок келгенде дасторкондун баш тартылгыс даамы. Жумуртка көп кошулган жана калың болгон жупкалар табакка тизилгенден мурда кайнап жаткан сууда бышырылышы бул даамдуу жана жумшак бөректин өзгөчөлүгү. Су бөреги быштак менен фарш менен козу карын жана сымалак сыктуу түрдүү азыктар менен жасалса да  чыныгы су бөрегинин ичине бир гана быштак менен укроп салынат. Даамдуу су бөрегинин эң негизги бышыруу ыкмасы бөректи  аз отто эки жагын оодаруу менен бышыруу.



Тектеш кабарлар