Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-89

Көөнө түрк элдеринин адабиятынан – “Алпамыш” дастаны

1405620
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-89

Урматтуу  китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктар арасында кеңири тараган, орток адабияттын руханий байлыгы – "Алпамыш" дастаны тууралуу кеп кылабыз.

"Алпамыш" дастаны түрк тектүү элдердин үрп-адатынан жаралган эски баатырдык дастандардын бири болуп саналат. Оозеки жана ыр түрүндө айтылган бул дастан – чыгышы алтай элинен батышы Урал аймагына жана түштүктө Түркстанга чейинки кеңири аймакта таанылып айтылып келген. Башка дастандар сыяктуу эле "Алпамыш" дастанында да айтылган аймагына тийиштүү элдин кимдигин, алардын тарыхын, үрп-адатын жана башка улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Негизинен өзбек элинде кеңири таралып айтылып келет. Дастандын казак жана каракалпак варианттары өзбек варианты менен окшоштуктары көп. Өзбек, казак, каракалпактардагы варианттарында "Алпамыш" коңурат уруусунан чыккан баатыр деп айтылат. Бул дастан өзбектерде “Алпамыш”, казак жана каракалпактарда “Алпамыс”, алтайлыктарда “Алып-Манаш”, башкуртларда “Алпамыш жана Барсынхылуу”, казандык татарларда “Алпамша” деген ат менен белгилүү. Биринчи жолу 1939-жылы бакшылардан жазылып алынган. Бул дастан тууралуу Зеки Велиди Тоган, Пертев Наили Боратав, Абдулкадыр Инан, Жирмунский, Улагашев, Габдуллин, Мирзаев, Сыдыков сыяктуу окумуштуулардын эмгектери белгилүү. Айрыкча дастандын кээ бир эпизоддору тажик элинде да жашап келет.

"Алпамыш" дастаны - уруу бирикмелеринен түптөлгөн Коңураттардын жеринде өтөт. Он алты уруудан куралган Коңгураттардын ханы Алпун хан Дабан хандын уулу. Алпундун Байбөрү менен Байсары деген эки уулу болот. Бул эки уулу тең балалуу боло албай эл астында басынат. Тойлорго чакырылбайт, чакырылса сый көрүшпөйт. Ушундан улам эки бир тууган кырк күн кудайдан тиленишет. Түштөрүнө бир олуя кирип экөөнүн тең балалуу боло турганынан аян берет. Олуянын айтканы төп келип Байбөрүнүн уулу Хакимбек жана кызы Калдыргач жаралат. Байсарынын болсо Айбарчын аттуу кызы төрөлөт. Олуя Хакимбек менен Айбарчынды баш кошоорун жана Хакимбектин кийин билеги күчтүү алп болорун билдирет. Ошентип бешик куда болушат. Хаким үч жашынан мектепке барат, жети жашына келгенде эл башкарууну, хандыкты үйрөнүү үчүн атайын таалим-тарбия алат. Чоң атасынан калган салмактуу жааны тартат. Ал жаа айтылуу Аскар тоонун чокусун уратып түшүрөт. Мына ошондо Коңгурат эли биригип чоң жыйын өткөрөт. Жыйындан кийин Хакимдин аты өзгөрүп Алпамыш атка конот. Алпамыштын жонун Шахмердан колдоочу сылап өткөн экен. Ошондуктан отко түшсө күйбөс, сууга чөксө өлбөс болгон баатыр болуп чыга келет. Ач көз атасы Байбөрүнүн айынан Байсары иниси экөө урушуп Коңгурат уруулары экиге бөлүнөт. Байсары душман калк калмакка барып баш калкалайт. Арадан көп жыл өтүп Барчын кыз ай чырайлуу бийкеч болот. Ага көз арткандар, кол сурагандар көп болуп айласы кеткен Айбарчын алты ай мөөнөт сурап анан тымызын Алпамышка кат жазат. Каары катуу Байбөрүнүн каршы чыкканына карабай Алпамыш жол тартат. Ал жеткиче алты ай мөөнөтү бүткөн Айбарчын төрт шарт менен гана күйөөгө тийерин билдирет. Ат жарыш, жаа тартыш, жамбы атыш жана эр күрөш болгон бул жарышты Алпамыш жеңип чыгат. Ошентип бөлүнгөн Коңгурат элин алып кайтат. Бирок көңүлү калган Байсары кетүүдөн баш тартат жана калмактарда кул катары күн көрөт. Муну уккан Алпамыш Байсары үчүн экинчи жолу калмак элине аттанат. Калмактардын айлакер куулугу менен Алпамыш кудукка ыргытылат жана өлдү деп жарыяланат. Бул учурда ал Ядыгар аттуу балалуу болот. Алпамыштын өлгөнүн уккан Байбөрүнүн багып алган баласы Ултандаз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эл башкарат жана Айбарчынды өзүнө турмушка чыгууга мажбурлайт. Жети жылдан кийин атынын куйругу менен куткарылган Алпамыш койчу кейпин кийинип өз жерине келет. Алпамыш той үстүнөн чыгат жана тымызын өз ыры менен Айбарчынга ким экенин билдирет. Той ортосунда чыккынчы жана заалым Ултандаз менен күрөшүп аны өлтүрөт. Ошентип алп Алпамыш элин-жерин бириктирип, адилеттүүлүктү орнотуп, үй бүлөсү менен бакыбат өмүр сүрөт. Алпамыш дастаны түрк элдеринин ичинен Коркут Ата дастанындагы Бамсы Бейрек окуясы менен дагы окшоштуктары бар. Бул көрүнүш – түрк тектүү элдердин орток руханий байлыктарынан жаратылган дастандын варианттары деп айтууган негиз жаралат.

Урматтуу окурмандар, көөнө түрк элдеринин казынасы болгон эпос, дастан, жөө жомок сыяктуу элдик чыгармалар уланып отуруп бүгүн бир топ варианттары жаралган. Мына ушул уламалар менен түптүү түрк элдеринин руханий казынасы ар качан байып келет.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар