Түрк Кеңешинин кезексиз жыйыны

Евразия күндеми-16

1399615
Түрк Кеңешинин кезексиз жыйыны

Ардактуу окурмандар!  Бүгүнкү программабызда 2020-жылдын 10-апрелинде болуп ѳткѳн Түрк Кеңешинин кезексиз жыйыны тууралуу кеп салабыз.

Түрк Кеңешинин учурдагы тѳрагасы Азербайжан Президенти Илхам Алиевдин сунушунун негизинде 2020-жылдын 10-апрелинде “COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө кызматташтык жана тилектештик” деген темадагы кезексиз видеоконференциясы болуп ѳттү. Видеоконференцияга Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан, ϴзбекстан, Түркия жана Түркмѳнстан президенттери менен Венгриянын премьер-министри, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун башкы директору жана Түрк Кеңешинин жооптуу катчысы катышышты. Бул иш-чара аркылуу Түрк Кеңеши COVID-19 илдети менен күрѳшүү боюнча ѳлкѳ лидерлеринин башын бириктирип видеоконференция уюштурган алгачкы эл аралык уюм болуп калды. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус COVID-19 илдети менен күрөшүүдө кызматташтык жана жардамдашуу жүргүзүп жаткандыктары үчүн Түрк Кеңешинин лидерлерине ыраазычылык билдирди.

Видеоконференцияда уюмга мүчѳ мамлекеттерде пандемияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берилди жана мындан ары жасала турган иш-чаралар, жардамдашуу мүмкүнчүлүктѳрү талкууланды. Жыйында уюмга мүчѳ мамлекеттердин ортосундагы соода жана экономикалык мамилелердин солгундабашынын жана транспорт тармагында жүк ташуунун үзгүлтүккѳ учуратылбашынын маанилүүлүгү баса белгиленди.  Эл аралык чыгыш-батыш Транс-Каспий транзит коридорунун үзгүлтүккѳ учурабашы үчүн мүчө өлкөлөрдүн транспорт жана соода министрлерине видеоконференция аркылуу жыйын ѳткѳрүү буйругу берилди. Азык-түлүк коопсуздугунун камсыз кылынышы үчүн тиешелүү чаралардын кѳрүлүшү боюнча чечимдер кабыл алынды.

Жыйында пандемиядан улам ѳлкѳлѳрүнѳ кайта албай калган жарандардын абалы да талкууланды. Лидердер бул жарандарга тиешелүү жеңилдиктердин берилиши боюнча макулдашышты.

Түрк мамлекеттеринин лидерлери COVİD-19 илдетине каршы күрѳшүүдѳ башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин жарыялашты. Пандемия менен күрѳшүү боюнча БУУ жана Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун иш-чараларын колдой тургандыгын баса белгилешти. Жыйындын соңунда орток декларация кабыл алынды.

Өткѳн апта Түрк Кеңешинин Соода жана өнөр жай палаталарынын башчылары видеоконференция аркылуу бул тармактагы кѳйгѳйлѳрдү талкуулашкан эле. Түрк Кеңешинин кезексиз жыйынында уюмга мүчѳ мамлекеттердин саламаттык сактоо, соода жана транспорт министрлерине видеоконференция аркылуу пандемияга каршы күрѳшүүгө багытталган иш-чараларды уюштуруунун зарылдыгы билдирилди. Бажы тармагы сыяктуу кѳптѳгѳн тармактарда иш-чаралардын компьютер аркылуу ишке ашырылышы, уюмга мүчѳ мамлекеттерде санарипке ѳтүү процессинин тездетилиши сымал нерселер пандемиядан кийинки мезгил үчүн ѳтѳ зарыл шарттардын негизгиси болуп эсептелет. Жыйында Президент Эрдоган белгилеген кибер коопсуздук маселеси да аябай маанилүү болуп саналат.

Дүйнѳ жүзүн каптаган COVİD-19 илдети Түрк Кеңешине мүчѳ мамлекеттердин бири-бири менен дагы тыгызыраак мамиле түзүшүнө шарт түзүп жатат.  Ошондуктан “Орто линия” катары белгилүү болгон жана Орто Азияны Анадолу, Батыш Европа менен байланыштырган  Транс-Каспий транспорт коридорун жандардыруу керек. Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин баары медициналык жабдыктардан азык-түлүккѳ чейин ар кыл маселеде бири-бирине жардам берүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ. Пандемия учурунда жана андан кийинки мезгилде бири-биринин муктаждыгын камсыз кылуу аркылуу бул мамлекеттер ѳз ара мамилелерин ѳнүктүрѳ алышат. Пандемиядан кийинки мезгилде күчтүү Түрк дүйнѳсүнүн болушу бүтүндѳй адамзатка пайдалуу болуп эсептелет. Түрк Кеңеши видеоконференция сыяктуу демилгелери аркылуу “Түрк келечеги-2040” программасын ѳнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн ишенимдүү кадамдар таштап жатат.

Программаны даярдаган Абрасул Исаков



Тектеш кабарлар