Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-61

Кыргыз адабиятынан Бактыгүл Чотурованын чыгармачылыгы

1277126
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-61

        Урматтуу  китеп күйөрмандары, биз –бүгүнкү уктуруубузда кыргыз поэзиясынын учурдагы улуу акындарынын бири – Бактыгүл Чотурованын чыгармачылыгынан жана анын поэзиясынан кеп салабыз.

        Соңку жылдары кыргыз адабиятынын поэзия жаатында курч калеми менен таанылган акындардын бири Бактыгүл Чотурова. Анын ырлары учурда элдин купулуна толуп, эл ичинде жана эстрадада кенен тарап ырдалып келет. Акын Бактыгүл Чотурованын өмүр баянына кайрылып өтсөк, ал Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 1955-жылы жарык дүйнөгө келген. Акындын студенттик күндөрү Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинде өтүп, аны бүтүргөндөн кийин мугалим болуп иштеген. 1990-жылы райондук “Учкун” гезитинде бөлүм башчы, 1996-жылдан баштап Кыргыз телерадио компаниясынын “Манас” чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинде редактор, ал эми 1997-жылдан баштап “Кыргыз Туусу” гезитинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Бактыгүл айым “Кыргыз Туу” гезитинде жалпы-жонунан жыйырма жылга жакын убакыт кызмат өтөгөн экен. Учурда “Жетиген” аттуу көп тармактуу коомдук журналынын башкы редакторунун орун басары.

          Бактыгүл айым жеке чыгармачылык жолунда окурмандарга акын катары таанымал. Анын элге кеңири таанылган “Кызыл ат”, “Боз торгой”, “Сагыныч”, “Чокморовго ыр десте”, “Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй”, “Найман”, “Күн-Кудайдын кареги” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагынын автору. Анын ырлары орус тилине да которулуп, өзү да котормо жаатында иштеп келет. Мисалга алсак, казак адабиятынан Шахизада Абдыкаримовдун “Көк астындагы каганат”, Нагашыбай Мукатовдун “Жанымдын жашыл жалбырактары”, азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин “Биз бир кемедебиз” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагын кыргыз тилине которуп басмадан жарык көргөн.        

Бактыгүл Чотурова 1989-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Талыкпай чыгармаларын жараткан акындын эмгектери үчүн 2004-жылы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалы менен сыйланган.

              “Бактымдай, эч сындырбай назарымды,

               Ыр менин жазган жарпым жазаарыңды.

               Билемин ошон үчүн сүйөм сени,

               Лирика – келтиресиң жашагымды...” – деп жазган Бактыгүл Чотурова бир маегинде лириканын ал үчүн абдан маанилүү экенин айта кетет. Лирика акын үчүн жашоо, сүйүү, мезгил, ата мекен жана жакын дос.  Анын ырларынын темалары дагы мына ушуларды камтыйт. Чотурованын мекенге болгон сүйүүсү абдан күчтүү. Анын башка акындардай эле Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө болгон сүйүүсүн ага арналган ырларынан эле байкоого болот.

               “Ысык-Көл баягы эле өзгөрүлбөй,

               Көйкөлөт чайпалса да бөксөрүлбөй.

               Көңүлүм эңсегенин үнсүз сезип,

               Көзүмө карайт сенин көздөрүңдөй” - деген сыяктуу саптар өтө көп.

         Акындын ар кыл темада жараткан ырларынын саны учурда 100дөн ашык. Бир топ ырлары эл астында обон коштолуп ырдалып келет. Акындын чыгармачылыгына баа берген эстрада ырчылары атайын Бактыгүл айымга кайрылып ыр жаздырып алып турушат экен.

         Акын ырларын терең философиялык мазмуну менен байыткан. Анын терең мазмундуу ырларынын жөнөкөй тил менен уйкаш жазылганы окурмандарын өзүнө тартат.

               “Адамга келет экен мээнет шашып,

               Эрте-кеч эки ийниңден бекем басып.

               Ийилип жатсаң дагы кол бошотпой,

               Иши ошол, шашпай кетет кармалгансып.

               Адамга келет экен дөөлөт шашпай,

               Сыйкырдуу сынагынын сырын ачпай.

               А бирок шашып кетет аялдабай,

               Көтөрүп жүралбасаң жакшы бакпай.

               Ошондон жалпак атка конгон мээнет

               Алат дейт алсыз болсоң төлүңдү ээлеп.

               А дөөлөт тоголок дейт араң кармаар,

               Жетүүгө жылдар өтөт өмүрдү өөнөп” – деп, “Мээнет менен дөөлөт” аттуу ырында акын, адам колундагы байлык-мансапты философиялык ой жүгүртүү менен ачып берген. Дагы да болсо чыгармачылыгынын үстүндө эмгектенип келе жаткан Бактыгүл айым азыр беш кыздын мээримдүү энеси жана неберелеринин сүйүктүү тайенеси.   

       Урматтуу окурмандар жаңы кыргыз поэзиясынын улантуучуларынын бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын айым - Бактыгүл Чотурованын чыгармачылыгы менен тааныштыңыздар. Ардактуу поэзия сүйүүчүлөр жана жалпы окурмандар, Бактыгүл Чотурованын ырлары менен таанышкыңыздар келсе “Күн – кудайдын кареги”, “Найман” жана башка ыр китептерин барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар