Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-60

Кыргыз адабиятынан Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы

1273602
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-60

Урматтуу китеп күйөрмандары, биз бул чыгарылышыбызда кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы, акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынан жана анын поэзиясынан кеп салабыз.

   “Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм,

Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир да жолу калп айта албайм.” – деп жазылган ыр саптары улуу акын Алыкул Осмоновдун калеминен жаралган. Акындын ары кыска, ары катаалчылык менен өткөн өмүрүндө келечек муунга түбөлүктүү ыр калтырып, чыгармачылыгына өтө маани берген. Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Ал жаштайынан жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланган. Мына ошол жерде адабий китептерге абдан кызыгып, жаш кезинен эле өз алдынча ыр жаза баштаган.

14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга тапшырып, 1928-1933-жылдары ошол жакта окуган. 1930-жылы “Сабаттуу бол” гезитине “Кызыл жүк” деген ыры басылып, алгачкы чыгармачылык кадамын таштаган. 1933-жылы техникумду бүткөргөндөн кийин, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшкөн. Өз билимин ар качан өнүктүрүп дүйнөлүк классикалык акын-жазуучулардын чыгармалары менен азыктанган жана кай бир чыгармаларын кыргызчага да которгон.

Акындын чыгармачылык жолунда “Махабат” аттуу ыр жыйнагы чыккандан кийин элге кеңири тааныла баштаган. Андан кийинки чыгарылган “Жаңы ырлар”, “Менин жерим – ырдын жери”, “Ата журт” аттуу жыйнактары менен кыргыз поэзиясында мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар жана терең философиялык мазмун менен байыткан. Акындын 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептери жарык көргөн. “Таңдагы ырлар”, “Жылдыздуу жаштык”, “Чолпонстан”, “Махабат”, “Жаңы ырлар”, “Менин жерим – ырдын жери” деген ыр жыйнактары белгилүү. Чыгармачылыгынын тышында “Ленинчил жаш” гезитинде, “Чабуул” журналында иштеген. Алыкул Осмонов кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Акындын балдар адабиятына кошкон салымы да чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экени да далилдеген Пушкиндин “Евгений Онегин”, Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин “Он эки түн”, “Отелло” трагедиясын, Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” жана башка авторлордун чыгармаларын которуп элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ошондой эле, бир нече драмаларды чыгарды. Көптөгөн ырларына обондор жаралды. Ал өтө кыска жашап, бирок бул кыска өмүрүндө түбөлүктүү эстелик кылып, мына ушундай көлөмдүү эмгектерин таштап кеткен.

Алыкул Осмонов 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият жаатында Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлгөн. Мына ушул китеби менен жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындык атагы алыска тараган.

           Таштан болоор, кумдан болоор төшөгүм,

            Аз болсо да сыртта калаар сөздөрүм.

            Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,

            Буудан болуп таскак салып өтөрмүн – деген ыр саптарын улуу акын гана жаза алат. Бул ыр саптары Алыкул Осмоновго гана таандык. Калемдеш жана замандаштарына караганда Осмоновдун таланты да тагдыры да башкача. Анын жашоосу жетпей калган сүйүүсүнүн арманы менен, айыккыс дарты туберкулезу менен жана кичинекей наристеси Жыпардын өлүмүнүн кайгысы менен өткөн. Мына ушундай чырмалышкан тагдырына бышып, чыгармалары жан дүйнөсүнүн түпкүрүнөн чыккандай. Анын замандаштарынан улуу акын Насирдин Байтемиров “Алыкулга” деген ырында акынды мындай эскерет:

                  Койчу досум мени акын дебечи

                  Мени акындын улпагына теңечи.

                  Кыргызыңда кандай сонун акын бар!

                  Десең келет Алыкулдун элеси.

                  Жатса дагы жер астында денеси,

                  Жанда турат, ыр канаттуу элеси.

                  О, досум ай, акын болгуң келеби?

                  Талантыңды Алыкулга теңечи! – деп даңазалап жазган экен.

Элдин жүрөгүнөн орун алган сүйүктүү акын Алыкул өмүрүнүн акыркы көз ирмемине чейин, өзүнүн өлбөс поэзиясы менен кыргыз адабиятынын баркын бийик көтөргөн ырларын жазып келечек муунга мурас катары таштап кетти.

                   “Сен ооруба мен ооруйун ата журт” деп жазган ыр саптары тагдырына туш келип, оорусу күчөп улуу акын Алыкулду күлгүн жаш курагы 35 жашында ажал тооруп бул дүйнө менен кош айтышкан. Урматтуу окурмандар, Алыкулдун ырларын окубаган да, укпаган да жокко эсе. Ошентсе да бул кылымдык акындын ырларын кайрадан эскерип барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.


Этикеткалар: #Алыкул Осмонов

Тектеш кабарлар