Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-55

Чуваш адабияты Дмитрий Архипов “Стамбулдагы Чуваштар” аңгемеси

1261283
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-55

Урматтуу китеп күйөрмандары, биз –бүгүнкү чыгарылышыбызда чуваш адабиятынын жазуучусу Дмитрий Архиповдун чыгармачылыгынан жана анын “Стамбулдагы чуваштар” аттуу китебинен кеп салабыз.
Дмитрий Архипов чуваш адабиятынын алгачкы куруучуларынан бири. Ал 1868-жылы бугүнкү Чувашистандын Вирмар аймагына караштуу Чулкаш айылында төрөлүп өскөн. Айылда мектепти бүткөргөн соң Чимбир шаарындагы Чуваш мектебинен билимин улантат. 1887-жылы Саратов районундагы Шмалак айылында мугалим болуп иштеген. 1889-жылы Яковлев аттуу миссионер-педагогдун кеңеши менен Израил жана Стамбулга барган. Стамбулдагы чуваштарга жолуккандан кийин алардан терең таасирленген. Ал жерден кайткан соң “Константинополдогу чуваштар” аттуу китебин жарыялаган. Бул чыгармасында Дмитрий Архипов өз башынан өткөргөн окуяларды жазып чыгып, китеп 1903-жылы Казан шаарында жарыяланган.
Жазуучу бул саякаттан келген соң Пачиски деген жерде иштей баштаган. Октябрь революциясынан кийин башкаруу системасы өзгөрүп жазуучуга да залакасы тийген. Ушул себептен Чувашистанга көчүүгө мажбур болгон. Бирок ал жерде да Большевиктердин көзөмөлүнөн алыс кала алган эмес. Аны 1935-жылы Чебоксардагы түрмөгө камакка алышкан, кийин Улатыр зынданына камалган. Дримтрий Архипов 1939-жылы 27-февралда ошол Улатыр зынданында көз жумган.
Дримтрий Архиповдун “Стамбулдагы чуваштар” аттуу китебине бир саякатнаама деп айта алабыз. Бул китепте Дмитрий Архипов май айында Одессадан кемеге түшүп Стамбулга чыкканын баяндайт. Стамбулдан Израилге кетүү үчүн манастырдын дин кызматкерлеринен жардам алышат. Израилден кайтып келе жатып көптөн бери ойлоп жүргөн максаты болгон Стамбулдагы чуваштарды издей баштайт. Ал чуваштар 1860-жылы Россиядан мусулман динине өтүп татарлашкан чуваштар атанып Стамбулга көчүшкөн. Ошонун бири Никанор - татарча аты Динмухаммедге жолугууну көздөгөн. Ал үчүн дин кызматкерлеринен Мирза Салих аттуу соодагерге жолуктуруусун өтүнөт. Себеби ал аркылуу Никонор менен кат жазышканын жана аны ошол аркылуу табарын айтат. Бирок алар жардам берүүдөн баш тартышат. Анткени ошол учурда дин
үгүтү ар дин үчүн күчтүү жүрүп аткан болот. Никонордон да узак болуусун эскертишет. Ал дин кызматкерлеринен пайда чыкпасын билип өзү издеп жөнөйт. Көп кыйынчылык менен Мирза Салихти табат. Бирок ал дагы оңой менен Никонордун жерин айтпай коёт. Ошондо ал Никонордун жээни экенин айтып өтүнөт. Муну уккан соодагер Никонорду таап берет. Никонор карыянын көзүнө жаш алып өтө кубанганын көргөндөн кийин чындыгын айтууга дарамети жетпейт. Ошентип бир күн жээни катары конок болот. Ага учурашууга Осман аттуу чуваш карыя келип дин боюнча сүйлөп берип, акыр заманда бардык мусулмандын Стамбулда чогуларын айтып, өзүнүн да мусулман болуп Стамбулда калуусун өтүнөт. Бирок Дмитрий эртеңки кемеге жетишиш керектигин айтып, ал жерден кубанып кайтат. Ал карыянын жээни эмес экенин айтканына өкүнбөйт. Анткени анын жээни сабаты жок караңгы киши болгон жана эч качан тайякесин издеп келбей эле. Жашоодогу дагы бир маанилүү нерсе деп, ичээр суусу аз калган Никонорду жээни катары сүйүнткөнүнө кубанып ал жерден кеме менен узак мекенине кайтышат.
Урматтуу окурмандар, 19-кылымдын башында докуманталдык сыпатта жазылган бул чыгарма Дмитрийдин саякатнаамасы катары белгилүү. Бул чыгарма колдонулуп чуваш тарыхы жана
тили боюнча түркологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн, ушул себептен бул китепке маанилүү тарыхый булак десек да жаңылышпайбыз. Эгерде бул чыгармага кызыгуу жаралган болсо анда түркчө жана орусча булактарынан алып окуунуздарды сунуштайбыз.
Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар