Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
![Тарыхта бүгүн](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9b62/7aa5/25de/5cf125ae269ad.jpg?time=1719135268)
*** 1914 - жылы 12 - августта Биринчи Дүйнөлүк согушунда Британия Австрия - Венгрияга согуш жарыялады.
*** 1954 - жылы 12 - августта БУУнун аскерлери Кореядан чыга баштады.
*** 1960 - жылы 12 - августта Американын алгачкы кабарлашуу спуниги Echo1 космоско учурулду.
*** 1946 - жылы 12 - августта улутчулдук саясаттарынын айынан Түштүк Африка олимпиада оюндарынан чыгарылды.
*** 1964 - жылы 12 - августта жазган китептериндеги “James Bond” образы менен дүйнөгө таанылган британиялык жазуучу Ян Флеминг каза болду.
*** 1964 - жылы 12 - августта Түркия БУУнун Коопсуздук Кеңешине чакыруусу менен Кипрдеги реактивдеринин учушун токтотту. Кеңеш эки коомдун ортосунда Тынчтык Күчүнүн тарапсыз аймак түзүүгө чечимин чыгарды.
*** 1985 - жылы 12 - августта Токиодон Осакага баруу үчүн учкан Жапон аба жолдоруна таандык жүргүнчү учак Огура тоосунда кырсыкка учурап кулады. Кырсыкта учактагы 524 кишиден 520 киши каза болду.
*** 1990 - жылы 12 - августта Ирактын Кувейтти басып алышы менен Түркия Улуттук Парламенти тарабынан өкмөткө куралдуу күчтөрдү колдонуу жана керек болсо Иракка согуш жарыялоо жоопкерчилиги берилди.
*** 2000 – жылы 12 - августта Орусияга таандык «Курск» суу түбүндөгү кеме Баренц деңизинде чөктү. 112 экипаж каза болду.