Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1245404
Тарыхта бүгүн

 

 

*** 1492 -  жылы 31 -  июлда еврейлерди Испаниядан кууган Элхамра жарлыгына кол коюлуп ишке кирди.

 

*** 1932 -  жылы 31 -  июлда фашисттер парламенттик шайлоодо 230 депутат чыгарып Германиянын  биринчи партиясы болду.

 

*** 1932 -  жылы 31 -  июль күнү Түркия суулусу Кериман Халис Бельгияда өткөн жарышта «Дүйнө сулуусу» болду.

 

*** 1959 -  жылы 31 -  июлда болсо Түркия Европа Экономикалык Коомуна мүчө болуу үчүн расмий түрдө кайрылды.

 

*** 1973 -  жылы 31 -  июлда Дельта аба жолдоруна таандык ДС  - 9 моделиндеги бир жүргүнчү учагы Бостон аэропортуна конуп жатып калың тумандын айынан кырсыкка учурады. Кырсыкта 89 киши набыт болду.

 

*** 1980 -  жылы 31 -  июлда болсо Түркиянын Афинадагы элчилигинин башкаруу аташеси Галип Өзмен жана кызы Аслыхан Өзмен террордук уюм АСАЛА тарабынан жасалган куралдуу кол салууда шейит болду.

 

*** 1988 – жылы 31 -  июлда Малайзиянын Баттерворт шаарында бир паром станциясы кулады. Окуяда 32 киши каза болуп, 1647 киши жараланды.

*** 1992 -  жылы 31 -  июлда Таиланд аба жолдоруна таандык А  300 моделиндеги жүргүнчү учак Катмандунун тоолуу аймагында кырсыкка учурап, кырсыкта 113 киши каза болду.



Тектеш кабарлар