Көч стратегиясы деген эмне ? – 1

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн макаласы.

1245388
Көч стратегиясы деген эмне ? – 1

    Түркия тарыхында башка өлкөлөр менен салыштырганда балким да эң көп көч алган өлкө. Ар дайым чыгыштан, батыштан, түндүктөн, түштүктөн көч алган өлкө болду. Бүгүн да аймагында тынчтыктын аралы катары өлкөлөрүндө жашаган кыйынчылыктардан улам келүүнү максат кылган өлкө. Түркия к көч талаптарына карата кандай стратегия жүргүзүү керек?

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор доктор Кудрет Бүлбүлдүн бул тууралуу пикири.

Бул тууралуу биринчи болуп айта турган сөзүм эгерде туура багыттала турган болсо көчтүн өлкөлөргө көп нерсе кошкондугу. Мунун так бир мисалы өз тарыхыбыз экендигин айта алабыз. Көч цивилизациясынын балдарыбыз. Узун убакытка созулган цивилизация жүрүшүбүз бир көч жүрүшү. Бул жүрүштө адилеттик, бөлүшүү, бирдикте жашоо, көпчүлүк, оптимисттик, көп маданияттуулук сыяктуу бүгүн адамзат эң көп муктаж болгон, Түркияны Түркия кылган абдан маанилүү нарктарга ээ болуптурбуз. Бирок көчтүн өлкөлөргө кошкон салымы башка макалабыз болот.

Анадолу бир көч аймагы

Мусулман түрктөрдөн мурда да бир өткөөл жери, бир жол багыты болушунан улам Анадолу көптөгөн көч алган. Мусулман түрктөрдүн Анадолуга келиши  миңинчи жылдарда башталат. Түрктөрдүн Анадолуга келишинен кийин тарых Анадолуда бир кагылышуу, башка өлкөлөрдө болгондой топ түрүндө кыргын же Анадолуда жашагандардын   жерлерин топ түрүндө таштап кетүү сыяктуу абалдан сөз кылбайт.  Бул абал Анадолунун мезгили менен Хорасандан чыгып келгендердин түсү менен боёлушунун көрсөткүчү. Анадолуга көчтөр бир гана миңинчи жылдар менен эле калган эмес. 18 – 19 -  кылымда Балкандарда жана Кавказдарда болгон оор кыйынчылыктардан улам улантылган. Бул көчтөрдүн республика мезгилинде да улантылгандыгын белгилүү.

Түркияга карата акыркы көч Тодор Живковдун зулумчулугунан качкан 1989 -  жылдагы Болгария түрктөрүнүн көчү. Бул  мезгилде Живковдун түрктөрдүн Болгарияны таштап кетиши үчүн бир мүмкүнчүлүк түзүлбөсө Болгария деген нерсенин калбай тургандыгы, Болгариянын башка бир Кипрге айланарын айткан. Кыскача Анадолу аймагы Адриятикадан Кытай дубалына чейин Түркияны жактырган адамдар үчүн ар дайым экинчи адрес, кыйынчылыкка тушуккандар бара ала турган өлкө болду. Түркия бир гана түрк жана мусулман коомдор үчүн бара ала турган тынчтык аралы болгон жок. Тарыхыбыз Түркиянын мусулман болбогон кишилер да баш калкалай ала турган өлкө болгондугунун мисалдары менен толгон. Бул тууралуу акыркы мисал 500 жыл мурда Европадан куулганда болгондой Гитлердин зулумунан качып Германиядан Түркияга баш калкалаган еврейлер.

Анадолудан көчтөр

Түркия же Анадолу бир гана көч алган эле эмес ошол эле учурда көч берген аймак да болгон. Анадолу осмондуктун бир гана аскер эле эмес, ошол эле учурда барган жерлерде жаңы отурукташуу жерлерин ачуу үчүн адам булагы. Өзгөчө Балкан өлкөлөрүнө Анадолудан көчтөр болгон. Балкандарда үч «Коня» аттуу отурукташуу жеринин бар экендиги айтылат. Анадолудан тышка карата болгон акыркы көчтөр 1960 -  жылдардагы батыш өлкөлөрүнө карата жумушчу көчтөрү. Бүгүн расмий түрдө бул өлкөлөрдө 5 миллион түрктүн бар экендиги белгилүү. Мен каттоо тышындагы, жарандыктан чыгарылгандар менен бирдикте бул сандын дагы көп экендигин болжолдоп жатам.

Бүгүнкү абал

 

Түркия бүгүн да Балкандар, Жакынкы Чыгыш, түрк дүйнөсү, Ыракы Чыгыштан көч алууда. Акыркы болуп Сириядан келген көч толкуну менен бетме  - бет келип турат. Бул көчтөрдүн маанилүү бир себеби аймагыбыздагы өлкөлөргө жана батыштык өлкөлөрдүн көз карашына каралганда Түркия тышында бара ала турган көп альтернативдин болбошу. Негизги себеби болсо жашаган жерлериндеги маселелер, империалист өлкөлөрдүн стратегиялары жана башка себептерден өлкөлөрүнүн жашай турган абалдан чыгышы.

Түркия бүгүн бир гана Сирия, Иран, Ирак, Афганстан, Ливия, Кытай, Орусия, Украина, Африка өлкөлөрү сыяктуу өлкөлөрдөн эмес, батыштык өлкөлөрдөн да көч алууда. Батыштагы экономикалык тараюу жана барган сайын күч алган ислам жана түрктөргө карата каршылыктардан улам андан мурда бул өлкөлөргө барган кишилердин бир бөлүгү кайра кайтып жатат, балдары Түркиядан келечегин издөөдө. Батышта жашаган жарандарыбыздын балдары Түркияда окуганды тандап жатышат.

Керек болсо батыштык өлкөлөрдө, керек болсо Балкан өлкөлөрүндө, керек болсо Крымда жана уйгур аймагында болгон абалдардан улам бул аймактар менен байланыштуу кээ бир жарандык коомдук уюмдар Түркияга кайтуу же көчүүнү колдоп жатат.

Батышта жана чыгышта өлкөсүндө түрк жана мусулман калкты каалабаган өлкөлөр менен расист чөйрөлөр да түрдүү механизмдер менен бул жерлердеги кишилерибиз жашаган жерлерин таштап кетүүлөрү үчүн баш тарттыруучу жана тажатуучу кыймылдарды кылышууда.  

Өзгөчө Крым жана Уйгур автоном аймагында болгондой, бул жердеги тектештерибиз кээ бир империалист өлкөлөр тарабынан Орусия жана Кытайга зыянын тийгизүү үчүн негизги элемент катары колдонуу, өз саясаттарынын бир каражаты кылуу кааланып жатат.

Ооба аймагында  тынчтык аралы, адамзаттын баш калкалаган жери болгону үчүн Түркия менен сыймыктанабыз. Бирок Түркиянын жалгыз өзү бардык бул көч толкундары менен күрөшүүсү мүмкүн эмес. Стратегиялык жактан туура да болбойт. Көпчүлүк учурда кишилердин жашаган жерлерин таштап, Түркияга көчүүлөрү тийиштүү өлкөлөрдүн каалаган жана мажбурлаган нерсеси.

Түркияга өлкө тышында жашаган жана өзү менен байланыштуу болгон инсанына карата кээ бир батыштык өлкөлөрдүн империалист максаттарынын  арачы болушуна уруксат бербестен, өзүнүн жана өзгөчө бул адамдардын пайдасына жарай тургандай түрдө саясат жүргүзүлүшү керек.

Түркиянын  коомдук мекемелеринин, жарандык коомдук уюмдарынын, өлкө тышында жашаган кишилерибиздин жана тектештерибиздин жүргүзүшү керек болгон көч стратегиясына байланыштуу сунуштарыбызды конкреттештирип келерки жумада улантабыз.



Тектеш кабарлар