ФЕТӨ: Глобалдык кыянаттык түйүнү

2016 -  жылы 15 -  июлда Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн 253 кишини шейит кылган  жана миңдеген кишинин жараланышы менен бүткөн козголоң кыймылынын үчүнчү жылы

1238224
ФЕТӨ: Глобалдык кыянаттык түйүнү

2016 -  жылы 15 -  июлда Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн 253 кишини шейит кылган  жана миңдеген кишинин жараланышы менен бүткөн козголоң кыймылынын үчүнчү жылы. Түркиянын коопсуздук, чалгындоо, сот сыяктуу бардык стратегиялык мекемелерине жашыруун түрдө кирген ФЕТӨ мүчөлөрү колго алган мекемелерди, мамлекеттин учактарын, танктарын колдонуп элибизди, Түркия Улуттук Парламентин, президенттикти бомбалап козголоң кыймылын баштаганга аракет кылды. Мезгили менен ФЕТӨнүн Түркия жана дүйнө үчүн кандай коркунуч экендиги дагы жакшы көрүнө баштады. ФЕТӨнүн глобалдык деңгээлдеги коркунучу жана көрүлүшү керек болгон чаралар тууралуу токтоломун.

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт  университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн бул тууралуу пикири.

ФЕТӨнүн глобалдык өлчөмү жана бүгүнкү абалы

Түркия сыяктуу өлкөлөр глобалдык державалар тарабынан жалгыз калтырылбайт. Бүгүн Германия Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин түзүлгөн система жана тарип менен башкарылууда. Түркия да көптөгөн жылдар камкордукка алуу режимдери тарабынан башкарылган. ФЕТӨ суук согуштан кийин Түркия үчүн чыгарылган жаңы бир камкордук. Түркиянын географиясы жана тарыхый тереңдигинен улам Түркияга жүктөлгөн маанини ойлогондо ФЕТӨ Түркия аркылуу чыгарылган бир аймактык камкордук долбоору. Өзүн жашырып, түрдүү күбөлүктөргө кирип барган өлкөлөрдө системаны колго алуудагы ийгилигин ойлогондо ФЕТӨ глобалдык бир камкордук уюмуна айланган.

15 -  июлдагы төңкөрүштүн 3 -  жылында ФЕТӨнүн акырына чыгып же чыкпагандыгы талаш  - тартыштуу. Өзүн жашыруу жана адамдарды алдоо менен курулган террордук уюмга байланыштуу ортодо ачык нерсе болбогондуктан так бир нерсе айтуу кыйын. Бирок эми маска түшкөндөн кийин ФЕТӨнүн Түркияда уюмдук жамандык көлөмү чоң катнашта азайды. Түркияда эми ФЕТӨгө байланыштуу абдан чоң айырмачылыктан сөз кылууга болот. Түркияда ФЕТӨ мындан кийин уюмдашкан жамандык көлөмү жактан эмес, мүчөлөрүнүн жеке террордук көлөмү жактан чоң коркунуч.

Жогоруда да айтканымдай Түркия сыяктуу өлкөлөрдү дайыма камкордук астына алынууну каалашат. Ушул себептен жаңы камкордук элементтери катары жаңы ФЕТӨ ыктымалдары ар дайым сөз болот. ФЕТӨ негизги глобалдык аренада азыр да чоң бир коркунуч. ФЕТӨ, ПКК, ДЕАШ сыяктуу уюмдар глобалдык актерлор үчүн оңой колдонулган уюмдар. Азыркы күндө дүйнөдө согуштардын мүнөзү өзгөрдү. Биологиялык согуштар, генетикасы алмаштырылган курт  - кумурскалар да жаңы түрдөгү согуштардын элементтери.

ПКК жана ДЕАШ менен салыштырылганда генетикасы алмаштырылган бир уюм катары ФЕТӨ абдан таасирдүү уюм. Себеби 150дөн ашуун өлкөгө жайылган. Ушунун негизинде колдоо берген чалгындоо уюмдары ФЕТӨнү өздөрү үчүн оңой колдонула тургандай көрүшү мүмкүн. Чыгарылган биологиялык курат  - кумурскалардан айырмасы бир гана жаратылышта эмес, кирген өлкөлөрдүн борборунда, чалгындоо, коопсуздук, сот жана стратегиялык мекемелеринде активдүү. Бир тараптан барган өлкөлөрдүн көпчүлүгү чыныгы жүзүн тааныбайт. ФЕТӨнү жарандык, диний уюм катары көрүшүүдө. Бул өлкөлөр биологиялык курт  - кумурскалар же аппараттар сыяктуу ФЕТӨнүн башка өлкөлөргө, ичинде болгон өлкөгө каршы чалгындоо кабарларын билдиргендигин көпчүлүгү байкабай жатат. Түркия үчүн ийгиликсиз козголоң кыймылынан кийин Түркияга каршы ашыкча солчул, ПКК, армян чөйрөлөр менен кызматташуу ичинде Түркияга зыянын тийгизүү аракетинде.

 

Эмнелерди кыла алат?

Глобалдык деңээлде: ФЕТӨ менен иштеген өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтары ФЕТӨ кыянаттык программасынын бир гана өздөрү менен шайкеш иштей тургандыгын ойлошу мүмкүн. ФЕТӨнү колдонуп жаткандарын ойлошот. Бирок ФЕТӨ өзүн колдонгон өлкөнүн чалгындоо кызматы үчүн да коркунуч. Үй  - бүлөлөрүнө, өлкөсүнө,  ичинен чыккан коомго пайдасы болбогон бир террордук уюмдун бул өлкөлөргө баш ийишин ойлоонун кандай рационалдуулугу боло алат?

Түркия 2016 -  жылы 15 -  июлда бүткүл дүйнөгө бир соккуга кандай каршы чыгууга болот? Демократия, улуттук эрк, эркиндиктер жана жарандык коом кандай коргоого алынат муну эң мыкты көрсөттү. Түркия БУУ, Европа Кеңеши жана башка эл аралык мекеме жана мекемелер менен демократия, жарандык коом жана эркиндиктерди коргоо жана күчтөндүрүүнү максат кылган расмий же жарандык мекемелер менен бул тажрыйбаны бөлүшүү үчүн кызматташууга бара алат. Буга байланыштуу бул мекемелер менен бирдикте программаларды түзө алат.

Гази (ардагер) Парламент катары Түркия Улуттук Парламентине жыл сайын глобалдык деңгээлде «15 -  Июль Улуттук Эрк» сыйлыгы бериле алат.

Иш алып барган өлкөлөргө карата : Түркия ФЕТӨнүн тийиштүү өлкөлөржөгү өзгөчө билим берүү иштерине карата активдүү иш алып барууда. Бирок келинген жерде ФЕТӨ иш алып барган көптөгөн өлкөдө көптөгөн стратегиялык жерлерди колго алып, кээ бир өлкөлөрдү толугу менен текшере ала турган абалда. Байкашпаса да  ичинде орун алган коркунучтун көлөмүн көрүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзө турган аракеттерди бул өлкөлөргө карата улантуу керек.

Мамлекет, чалгындоо жана коомдук мекемелер деңгээлинде: президентибиз ФЕТӨгө каршы күрөштү күчтүү түрдө жүргүзүүдө. Башка коомдук мекемелерибиз да башка өлкөлөрдөгү мекемелерге ФЕТӨнүн Түркия үчүн эмес, негизинен өздөрү үчүн коркунуч экендигине байланыштуу эскертүүчү аракеттерин арттыра алат.

Университеттер, ой мекемелери, интеллигенттер : Түркия басып өткөн ошончо аралыкка карабастан жөнөкөй эле бир кишинин массалык бир уюмдун ичинде кандайча манкуртка айландырылгандыгын, бурмаланган бир ишенич менен түрдүү жамандыкты кантип аткара ала турган абалга келгендигинин баскычтары азыр да ортого чыгара албады. Уюмга киргендерге карата бир анти  - вирус программасы чыгарыла элек. Түрдүү өлкөлөрдөн университеттер, ой мекемелери, илимпоз жана дин кызматкерлери жолугушуп бул программанын чыгарылышына карата иштерди аткара алышат. Түркия университеттери жана ой мекемелери өзгөчө ФЕТӨ активдүү болгон өлкөлөрдөгү мекемелер менен биргелеше отчетторду, семинарларды, тажрыйбаларды бөлүшө алышат.

Өзгөчө интеллигенттер, жеке кишилер ФЕТӨнүн кандай бир уюм экендиги тууралуу дагы көп маалыматтандырылып, жарандарга ФЕТӨ тууралуу маалыматтарды берүү иштерине алдыңкылык берилиши керек.

Медиа, маалыматтандыруу, эске салуу иштери : өзгөчө биз сыяктуу коомдор унутууга дагы жакы. Мындай кыйынчылыктардын кайрадан болбошуна, тажрыйбалардын келечек муундарга өтккөрүлүшүнө карата иштер аткарылышы керек. Ушунун негизинде эң көп шейит берилген жерлерде ФЕТӨ кыянаттык музейлери курула алат. Көчүп жүрүүчү ФЕТӨ кыянаттык көргөзмөлөрүн даярдаса болот. Бул музейлер жана көргөзмөлөрдө жөнөкөй кишилердин ал күнү жасаган каармандыктары, кыскача өмүр баяны, жеке буюмдары, жубайларынын, балдарынын сезимдери орун алса болот. Көргөзмөлөрдү өлкө тышына чыгарса да болот. Өзгөчө өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө белгилүү убактарда көргөзмөгө чыгартыла алат. Өлкө тышынан келгендердин бул музейлерди көрүүчүнө мүмкүнчүлүк түзүлө алат.

Түркия ФЕТӨ окуясында шейиттерди берип, тарыхынын эң коркунучтуу террордук уюму тууралуу баалуу айырмачылыкты тапты. Бул коркунучту өз өлкөсү үчүн чоң өлчөмдө жок кылды. Жогоруда аткарылган иштер Түркия үчүн эмес, тийиштүү өлкөлөр жана адамзаттык үчүн керектүү иштер. Түркия өзү берген оор жоготууларды, кыйынчылыкты башка өлкөлөр тартпасын, кыянаттыкты алардын да жашабашы үчүн аракет кылууда. Түркиянын аракети достору жана тийиштүү өлкөлөр тарабынан чоң жоготууларга учурабастан көрүлөт деп ойлойм.

Анкарадагы Йылдырым Бейазыт университетинин саямий билимдер факултетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.



Тектеш кабарлар