Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-50

Түрк адабиятынан Элиф Шафактын “Жашоону сүйүүнүн кырк куралы” романы

1231106
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-50

     Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын түрк адабиятынын белгилүү жазуучу айымы Элиф Шафактын чыгармачылыгы тууралуу жана анын “Жашоону сүйүүнүн кырк куралы” аттуу романынан кеп салабыз.        Кадырлуу окурмандар, түрк элинин учурдагы жазуучулар арасынан өзүнүн курч калеми менен дүйнөгө атагы чыккан жазуучу айымдын аты Элиф Шафак. Ал Франциянын Стразбург шаарында төрөлгөн. Балалык чагын жана жаштык кезин Анкара, Стамбул, Мадрид, Амман, Көлн, Бостон, Мичиган жана Аризона шаарларында өткөргөн. Ал эми студенттик күндөрү Анкара шаарынын Орто Чыгыш Техникалык университетинде эл аралык мамилелер факультетинде өтөт. Докторлук диссертациясын Саясат Таануу илими боюнча жактаган. Жазуучунун андан кийинки жолу Түркия, Америка жана Англиядагы университеттерге түшүп, лектор болуп иштеген. Ал, 2018-жылдан бери Оксфорд университетинде Салыштырмалуу Европа адабияты бөлүмүнө лектор болуп кабыл алынган жана учурда ошол жерде эмгектенип келет. Элиф Шафактын алгачкы китеби “Кем көздөргө Анадолу” деп аталып 1994-жылы жарыяланган. Андан кийинки алгачкы романы “Пинхан” 1998-жылы Мевлана сыйлыгына татыган. Мындан улап “Шаардын күзгүлөрү” жана Түркия Жазуучулар Союзунун сыйлыгын утуп алган “Жашыруун” аттуу китептери чыккан. Азыр окурмандарынын колдорунан түшүрбөй окуп келе жаткан “Араф”, “Ардак”, “Архитектордун окуучусу”, “Жашоону сүйүүнүн кырк куралы”, “Еванын үч кызы”, “Искендер”, “Кара сүт” сыяктуу дүйнөгө таанымал китептери бар. “Жашоону сүйүүнүн кырк куралы” романы кыска убакытта 1 миллионго жакын рекорддук сатыш даражасына көтөрүлгөн. 2010-жылы Франциянын Санат жана Адабият Баатыры орденине ылайык деп табылган чыгармалары Пингвин, Рандом хаус, Ризолли, Фламарион, Кейн-Абер сыяктуу дүйнөлүк деңгээлде таанымал басмаканаларда басылган. Мындан сырткары кырк сегиз тилге которулган Нью-йорк таймс, Вашингтон таймс, Финансиал таймс, Ле-фигаро сыяктуу белгилүү басма-сөз кызматтарында жазуучунун бир топ адабий изилдөөлөрү жана макалалары жарыяланып келет. Элиф Шафак талыкпас эмгеги менен өтө көп сыйлык жана ордендердин ээси болгон. Булардын ичинен эң маанилүүсү, дүйнөгө таанымал жазуучу айым Маргарет Этвууд менен Элиф Шафактын чыгармалары Норвегияда курулган “Келечектин китепканасында” 100 жылдан кийин дагы китептери окулуучу жазуучулар арасынан орун алган. Азыр ал Лондон менен Стамбулда жашап келет.

     Элиф Шафак үчүн “Жашоону сүйүүнүн кырк куралы” аттуу романынын өзгөчө орду бар. Ал китеби тууралуу жазып жатып төмөнкүдөй оюн айтат: “Менде бул романымдын өзгөчө орду бар. Суфизм философиясына болгон кызыгуум мындан он беш жыл мурун башталган. Бирок бул романым эми гана бышып жетилип жазылды” – дейт ал. Романдын башкы каарманы Элла Рубинштейн америкалык айым болот. Анын үч баласы, жетишээрлик даражада байлыгы жана сырттан караган кишиге жолдошу менен бактылуу жашоосу болот. Көп жылдан бери жолдошу экөөнүн арасындагы маселени балдары үчүн көз жумуп, сездирбей жашап келет. Үч баласын чоңойткондон кийин бир басмаканада редактор жардамчысы болуп ишке кирет. Анын алгачкы иши Азиз Захара аттуу белгисиз бир жазуучунун “Ашыктыктын шарыяты” аттуу Суфизм философиясын чагылдырган тарыхый романын оңдоп-түздөп чыгуу эле. Жазуучусу Захара китебинин кол жазмасын Амстердамга басмага жөнөтөт жана ал китептин редакциялоо иши Эллага тапшырылган болот. Китеп үчүн Элла Захара менен маил-кат аркылуу кабарлашып турат. Романдын кийинки маанилүү бөлүмү Элла бул китепти колуна алып изилдей баштаганда чыгат. Китептин темасында Мевлана менен Шемси Тебризинин Аллага болгон сүйүүсү баяндалган. Бул китепти окугандан баштап Элла терең таасирленет жана жазуучуга тартыла баштайт. Ал китептин ичинде Мевлана менен Шемси Тебризи жашоону сүйүүнүн кырк куралын диний багытта түзүп чыгышат. Алгачкы куралында, жаратканды кайсы сыпат менен түшүндүрсөк, өзүбүздү кандай кабыл алганыбыз күзгү сымал чагылат. Эгерде кудай дегенде алгач эле коркуу, уялуу сезими оюбузга келсе, анда жан дүйнөбүздө дагы ошол сезимдер күчтүү экенинен кабар берет. Эгерде, кудай дегенде алгач эле сүйүү, мээримдүүлүк ойго келсе, анда бул сыпаттардан жан дүйнөбүздө өтө көп дегендикке жатат. Мына ушул китепти окуган Элла, жан дүйнөсүндөгү “Сүйүү” сезимин аңдап-билиш үчүн оор чечимге барып, үйбүлөсүн таштап узун сапарга аттанат. Элла менен Захара интернет байланышы аркылуу жазышат. Захара көп саякаттап, дүйнөнүн ар башка булуң-бурчунан кат жөнөтүп турат. Барып-көргөн жерлерин Эллага жакшы сүрөттөп, баяндап турат. Элланын жашоосунун ушул доорунда үй-бүлөсүнөн алыстап, жан дүйнөсү менен алпурушат. Эки дос интернет аркылуу жазышыт жүрүп бири-бирине ашык болушат жана романдын аягында жолугушат. Бирок аларды бири-биринен айырган тагдыр күтүп турган эле. Захара айыкпас дарттан улам акыркы сапарына кайтат. Ал эми Элла анын керээзи менен чыгармада жазылган  Мевлананын мекени Коняга көмөт. Романдын аягында Элла бул дүйнөдөн издеген сүйүүсүн Захарадан жана анын суфизм философиясы менен жазган романы аркылуу табат.             Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда түрк адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгер бул чыгарма кызыгуу жараткан болсо, романды түркчө, англисче, немисче жана орус тилинде таба аласыздар. Суфизм темасы эң кызыктуу түрдө түшүндүрүлгөн китептердин бири Элиф Шафактын “Жашоону сүйүүнүн кырк куралы” романы деп айтууга болот жана бул китепти окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар