Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 360 - жылы 15 - октябрда чиркөө катары курулган Аясофия 404 - жылы 20 - июнда чыккан көтөрүлүштөрдө өрттөлдү.
*** 1840 - жылы 20 - июнда америкалык ойлоп тапкыч, портрет жана тарых сахнасынын сүрөтчүсү Самуэль Морсе телеграфтын патентин алды.
*** 1933 - жылы 20 - июнда аялдардын добуш берүү укугу жана мүмкүнчүлүк теңдиги сыяктуу темаларда саясаттарды чыгарган, немис саясатчы жана аял укуктарын жактоочу Клара Цеткин сүргүндө жүргөн Москвада дүйнөдөн кайтты.
*** 1938 - жылы 20 - июнда болсо Мустафа Кемал Ататүрк Самсунга барып жана Боштондук согушун баштаткан күн катары кабыл алынган 19 - май 3466 – номердеги мыйзам менен Улуттук майрам катары кабыл алынды.
*** 1997 - жылы 20 - июнда элдик ырлардан пайдаланып заманбап ыр жазган, ырларында өлкө, адам жана табият сүйүүсүн тема кылып алган түрк акыны Жахит Күлеби каза болду.