Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-42

Өзбек адабиятынан Чолпондун чыгармачылыгы жана анын “Түн менен күн” романы.

1196933
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-42

Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн өзбек адабиятын тандап алдык. Бүгүн өзбек адабиятынын акындарынын устаты, 20-кылымдын белгилүү акын-жазуучуларынын бири - Чолпондун басып өткөн жолу, чыгармачылыгы жана анын “Түн менен күн” аттуу романынан кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, өзбек адабиятынын акындары дегенде, алдыңкылардан болуп Чолпондун ысмы аталып өтөт. Ал жалгыз гана өзбек адабиятында эмес бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таанымал, ташка тамга баскандай ысым. Акындын өзүнүн аты-жөнү Абдулхамит Сулайман уулу Жунусов болгон менен Календер, Андижандык, Чолпон, Мырза Календер деген каймана аттарды колдонгон жана анын ичинен элге Чолпон ысмы менен белгилүү. Ал 1898-жылы Өзбекстандын Фергана аймагындагы Анжиян шаарында бардар үй бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Балалык чагынан эле ырга жана адабиятка кызыккан Чолпон, ата мекени, эли-журту тууралуу бир топ ыр чыгарып, түрк дүйнөсүнүн адабий чөйрөсүндө аз гана акындын ээ боло турган, акындык наамынын жогорку даражасына жеткен. Ал Алишер Навои жана Бабурдун чыгармалары менен азыктанып, Фузули, Саади, Мевлана, Омор Хаййам сыяктуу чыгыш классиктеринин чыгармасын арапча-фарсча окуп үйрөнгөн. Алгачкы билимин Анжиянда алып, анан Анжиян менен Ташкенттин бир топ медиреселеринде окуп, түркчө, арапча, фарсчаны мыкты үйрөнгөн. Ал кийин орус-тузем мектебинен да билим алып, орус тилин да мыкты өздөштүргөн. Орус тили акынга батыш адабиятынын эшигин ачкан. Чолпон он алты-он жети жаштарында чыгыш жана батыш адабияттарын толук тааныган агартуучу болуп чыга келген. Акындын жашаган доору улуттук автономдуулук маселеси козголуп турган учурга туш келет. Чолпон “эл маселеси” дегенде “ичкен ашын жерге койгон” - активист болгон экен. Мына ушул максат менен 1917-1918-жылдары Оренбургда Башкуртстан Улуттук республикасынын башчысынын секретары катары кызмат өтөйт. Акындын мындан башка дагы мамлекеттик кызматтарда өз каалоосу менен иштегени белгилүү.

                        Чолпондун чыгармаларына көз жүгүрткөнүбүздө, көбүнчө эли-журту, ата мекени тууралуу унутулгус ырлар жараткан. Анын алгачкы ырларынын бири “Жедитчилик” агымынын баштоочусу Исмаил Гаспыралыга арналган. Кийин “Түрк саламы”, “Эркин түрк байрагы”, “Жаңы чыгыш”, “Өзбегим”, “Өкүм күнүндө” сыяктуу элге кеңири таанымал ырлары жаралган. Ошол эле учурда, Чолпондун Түркстан, Фергана жана Айне аттуу гезиттерге бир канча макалалары менен аңгемелери жарыяланганы белгилүү. Болжол менен он алты-он жети жаштарынан баштап адабий чөйрөгө кирген Чолпон, жыйырма үч жыл бою ушул жаатта эмгектенген. 1922-1926-жылдары акындын үч ыр китеби жана “Өзбектин жаш акындары” аттуу антологиясында ырлары жарыкка чыккан. Акындын чыгармачылыгы өнүгүп турган маалында 1927-жылы “Кызыл Өзбекстан” гезитине ал жөнүндө бир макала жарыяланат. Бул макалада Чолпон, коомдук идеологияга каршылык көркөткөн акын катары караланып жазылган. Мына ошондон баштап анын чыгармачылыгы катуу көзөмөлгө алынган. Кийин 1937-жылы башка аймактардагы агартуучулардай эле камакка алынат. 1938-жылдын 5-октябрында “Эл душманы” деген күнөө тагылып, репрессиянын курманы болот жана бардык чыгармаларына тыюу салынат. 1956-жылы кайрадан акындын аты акталганы менен Өзбек эли качан гана эгемендүүлүккө жеткенден кийин анын чыгармалары топтоло баштаган.

                Акындын поэзия жаатынан башка  пъеса, роман, аңгемелери жана котормолору да белгилүү. Мына ушундай кара сөз түрүндө жазылган, окурмандарынын убагында жашырынып окуган романы “Түн менен күн” деп аталып, азыркы учурда чыгарманын жалгыз гана “Түн” деген бөлүмү сакталып калган. Чыгарманын “күн” аттуу бөлүмү болсо азырга чейин табылбай келет.

                         Махабат асманында жанып турган Чолпон элем достор,

                        Күндүн нуруна чыдабай жерге баттым,

-дегер ыр саптары менен башталган романда, орус падышачылыгын карамагындагы Түркстандын зулумдук, караңгылык жана адилетсиздиктин астында эзилгени сүрөттөлөт. Чолпон, Түркстанда ошол учурдагы ой-пикир агымдарын тизмектеп баяндап берет. Каармандарынын образдарын жаратып жатып, алардын күчтүү тараптарын гана эмес, ошондой эле алсыз тараптарын да көрсөтөт. Зеби, Акбар Миңбашы, Мирякуп аттуу башкы каармандары менен адамзатынын бардык учурдагы адеп-аклак жана психологиясын сүрөттөгөн. Зеби чыгарманын башынан аягына чейин окурмандардын көңүлүн өзүнө караткан секелек өзбек кызы. Ал дагы ошол учурдун үрп-адатына ылайык төрт дубалдын ичинен чыкпай, караңгылыктын чордонунда чоңойгон. Зебинин өтө корккон кишиси өз атасы – Сопу Раззак болот. Ал “чымындай маселени төө кылып” аялы менен кызынын жашоосун тозокко айлантаар эле. Ошондой эле, өзүнүн жеке пикири болбогон, Молдо Эшендин айтканынан чыкпаган жана өз кызын заалим Акбар Миңбашынын төртүнчү токолу кылып узатканчалык акылсыз адам экени айтылат. Качан кызы Зебинин Акбар Миңбашын өлтүрүп, күнөөлү деп табылып Сибирге айдалары тууралуу чечим чыкканда гана акыйкатты аңдай баштайт. Чыгарманын дагы бир каарманы Мирякуптун образы капитализмди сүрөттөйт. Билим албаган, гезиттен-жазуудан кабары жок, бирок анча-мынча билген орусча сөздөрүн колдонуп соода-сатыкта эптүүлүгү менен таанылат. Эл ичинде шылуундугу менен белгилүү. Үчүнчү негизги каарман, жеке керт башын ойлогон Акбар Миңбашынын образы менен автор, жаратуучулугу жок, илимден узак болгон адамдарын соңу да жамандык менен бүтөөрүн окурмандарына жеткирет. Ал жашоосунда ач көз, аракеч, аял жандуу, динден-илимден узак, бирок орус падышачылыгынын эң алдыңкы адамдарынын бири. Анын өлүмүн далилсиз Зебиге жүктөшүп, ошол учурдун активисттери “Жаш сарттар” тобун да көмөлөтө чабыш үчүн Зебини бул топ менен ымаласы бар экенин айтып чыгышат. Баш көтөргөндүн азабы деп Зебиге жети жыл эркинен ажыратып, сүргүнгө айдашат. Жазуучу мына ушундай адилетсиздиктин кайнап, адам өмүрүнүн бир тыйынчалык баркынын да болбогон эски доордун реалдуу жашоосундагы кыйынчылыктарды таамай сүрөттөгөн.

“Түн менен күн” романындагы теманын актуалдуулугу, каармандарынын реалдуулугу жана чыгарманын маанисинин тереңдиги менен өзбек улуттук реалисттик романдарынын эң маанилүүсү болуп эсептелет. Бул роман бир жагынан 19-кылымдын Түркстандын турмуш-тиричилигин сүрөттөсө, экинчи жагынан адамзатынын болуп келген жана боло турган ички жан дүйнөсүнүн өзгөчөлүктөрүн окурмандарына сунат.

Урматтуу китеп күйөрмандары, сиздер бүгүн улуу өзбек устаты Чолпондон жана анын “Түн менен күн” аттуу романынан кыскача маалымат алдыңыздар. 1991-жылдан кийин акындын чыгармалары топтолуп 573 баракты түзгөн китеп жарыяланган. 1994-жылы акындын бардык эмгеги 3 томдо жарыяланган. Мындан сырткары түрк тилдеринде Чолпондун чыгармалары которулуп окулуп келет.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар