Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1146307
Тарыхта бүгүн

 

*** Биздин эрага чейинки 399 -  жылы 15 -  февраль күнү Ахлак философиясынын куруучусу катары кабыл алынган байыркы грек ойчулдарынын эң негизгилеринен бири болгон Сократ грек теңирлерине каршы чыкты деген негиз менен өлүм жазасына тартылды.

Элпектиги, философиядан башка бир нерсени ойлоону билбеген Сократ эң башта окуучусу Платон болуу менен грек жаштарында өзүн туураганга чейин барган бир таасир жараткан. Грек жаштары ал сыяктуу жалаң аяк  басып, чачтарын узартып, ачкачылык тартып Сократтын жолуна түшкөн.

Сократ каза болгондон кийин анын элесин жандуу кармоо үчүн чыгармалар жазылгандай эле кээ бир мектептер да курулган.  Бул мекемелердин баары Сократтын ойлонуу маанисинде чыныгы жолун жолдоочулары болуу максатында курулган. Бул мектептердин арасында «Мегара мектеби», «Киниктер мектеби», «Кирене мектеби», «Елис  - Етериа мектеби» санала алат. Бул мектептер Сократтын керек болсо жеке өзгөчөлүктөрүнөн, керек болсо ойлорунан абдан терең таасирленген.

*** 1914 -  жылы 15 -  февралда белгилүү казак актер жана режиссер Сакен Айманов төрөлдү. 1933 -  жылы Алматыда казак драм театрында оюнчулук карьерасын баштады. 1947 -  жылдан 1951 -  жылга чейин казак театрынын режиссерлугун аткарды. «Казак фильм» кино студиясынын куруучуларынан болгон Айманов эң көп батыш классикалык адабиятынын каармандарынын ролун аткарган, режиссеру болгон казак киносунун классикаларынан болду.

***1989 – жылы 15 -  февралда советтер союзунун 9 жыл Афганстанды басып алышы акыркы бөлүктөрдүн чыгарылышы менен аяктады.

Афганстандагы коммунист өкмөттүн афган күрөшчүлөргө каршы советтик аскерлерин өлкөгө чакырышы менен башталган баскын процессинде 15 миңге жакын советтик аскер жана бир миллионго жакын афган жараны каза болду. Афган күрөшчүлөр Америка, Британия жана Пакистандан колдоо алды. Согуштан кийин ички ырааттуулук түзүлө албаган өлкөдө 20 жылдан ашуун убакыт жарандык согуш болгон күчү менен улантылууда.



Тектеш кабарлар