Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар

1135515
Тарыхта бүгүн

*** 1923 -  жылы 30 -  январда Греция менен мусулмандарды алмаштыруу келишими түзүлдү. Бул келишим Түркиядагы румдардын Грецияга, Грециядагы түрктөрдүн Түркияга көчүшүн күтүп жаткан. Лозанна келишимине кошумчаланган протокол боюнча 1923 -  жылы декабрь айында башталып 1927 -  жылга чейин созулган бул алмаштыруу менен 400 миң түрк жана 1 миллионду ашкан рум орун которду. Түркияда Стамбул, Гөкчеада жана Бозжаадада жашаган румдар менен Грецияда, Батыш Фракияда жашаган түрктөр бул алмашуудан бошотулду. Бул мажбур түрдөгү көч Түркия жана Грециянын экономикасында 2 жылга жакын созулган экономикалык кризиске себеп болду.

*** Улуттук социалист немис жумушчу партиясынын куруучусу жана лидери болгон Адольф Гитлер 1933 -  жылы 30 -  январда Германиянын мамлекет башчысы болду. Улуттук социализмдин куруучусу болгон Гитлер Германияны 12 жыл бул уюм менен башкарды. 1 -  Дүйнөлүк согушунан кийин башталган экономикалык кризистен улам ачкачылык жана жакырдык ичинде болгон төмөнкү жана ортоңку класстагы немистердин каалоолоруна карата пропагандалар  менен массаларды артынан ээрчитти. Улутчулдук, социализм, антисемитизм, анти - коммунизм жана анти – капитализм да колдонгон пропаганда каражаттары эле.

Экономиканын кайрадан калыбына келиши, кайрадан куралдандырылган бир армия,  тоталитардык жана фашист бир режим менен; Гитлер Германиянын ичиндеги тартипти кайрадан курду жана күчтүү бир өлкө жараткандан кийин кол салуучу бир тышкы саясатты жүргүзүп Польшага кол салды. Ушундайча 2 -  Дүйнөлүк согуштун башталышына жана миллиондогон кишинин каза болушуна себеп болду.

*** 1938 – жылы 30 -  январда Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримов төрөлдү. Каримов советтер союзуна таандык бир балдар үйүндө чоңоюп, андан кийин Ташкентте инженер – механик жана экономика бөлүмдөрүн окуду. Советтер союзунда министрлик жана премьер  - министрдин орун басарлыгын аткарды. Советтик Орусиянын кулашында биримдиктен чыгууну каалаган республикалардын көз карандысыздыгы үчүн күрөштү. 1991 -  жылы август айында өз өлкөсүнүн тактап айтканда Өзбекстандын көз карандысыздыгын жарыялады. 1990 -  жылдан 2016 – жылы каза болгонго чейин президент катары кызмат кылды.

*** Индия жана Индия көз карандысыздык кыймылынын саясий жана руханий лидери Махатма Ганди 1948 -  жылы 30 -  январда Делидеги Бирла Бхавандын короосунда түнкү жүрүшкө чыккан учурда атылды жана каза болду.

Азыр да дүйнөнү таасири астына алган көз караштары «Гандизм» деп аталды. Жамандыкка каршы активдүү бирок күч элементтерин  камтыбаган каршы туруу менен байланыштуу болгон “Satyagraha” философиясынын жол башчысы катары кабыл алынды. Ганди бул философия менен Индияны көз карандысыздыгына жеткирди жана дүйнөдөгү жарандык укук менен эркиндиктин жактоочуларына илхам булагы болду.



Тектеш кабарлар