Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1132609
Тарыхта бүгүн

*** 1791 -  жыл  27 -  январда Асвтриялык композитор Вольфганг Амадей Моцарт туулду.

Азыркы күндө музыка тарыхынын генийлеринин бирөөсү катары кабыл алынган Вольфганг Амадей Моцарт Австриянын Зальцбург шаарында төрөлдү.  Классикалык батыш музыкасынын эң белгилүү композиторлорунун бирөөсү. Чыгармалары симфониялары, концерттери, фортепианого, опера жана хор менен аткарылган музыкаларга таасирин тийгизген. 35 жылдык өмүрүнө 626 чыгарманы батырды.

*** 1915 -  жылы 27 -  январда АКШнын деңиз күчтөрү Гаитини басып алды.

*** 1967 -  жылы 27 -  январь күнү Аполло  - 1 космостук унаасы Кеннеди космостук борборунда сыноо учурунда өрттөндү. Космонавттар Гас Гриссом, Эдвард Хиггинс Уайт жана Роджер Чаффи каза болушту.

*** 1973 -  жылы 27 -  январда АКШ менен Вьетнам ок атышпоо келишимине кол коюшту. АКШнын Түндүк жана Түштүк Вьетнамдын жана Виетконгдун өкүлдөрү Парижде АКШнын Вьетнам согушуна түздөн түз аскердик кийлигишүүсүн акырына чыгарган бир тынчтык келишимине кол коюшту.

*** 1973 -  жылы 27 -  январда Түркиянын Лос Анжелес башкы консулу Мехмет Байдар жана консул Бахадыр Демир армян уюму АСАЛА тарабынан өлтүрүлдү.

*** 1996 -  жылы 27 -  январда балдар укуктары келишими Түркия тарабынан эскертүү менен кабыл алынды.

 



Тектеш кабарлар