ТИКАнын чет өлкөлөрдөгү иш-чаралары...

Түркиянын жардам мекемелери-3

1128837
ТИКАнын чет өлкөлөрдөгү иш-чаралары...

Урматтуу окурмандар, «Түркиянын жардам мекемелери» аттуу уктуруубузда эки аптадан бери Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) тууралуу сиздерге маалымат берүүгө аракет кылдык. Өткөн аптада ТИКАнын иш-чаралары тууралуу айрым урунттуу жерлерге токтолгонбуз, бул аптада да аны улантабыз.

Ушул убакка дейре кесиптик билим берүүлөр менен катар билим берүү тармагында орто эсеп менен 4250 долбоорду ишке ашырган ТИКА, Колумбия, Палестина, Нигер, Македония, Албания, Ооганстан жана бир топ өлкөдө жаңы билим берүү комплекстерин куруп акыркы 5 жылда миңден ашуун мектеп салды жана жаңылады.

ТИКА, жакырчылыктын азайтылышы, элет жерлердин өнүгүүсү жана аялдардын жумуш менен камсыздалышына колдоо көрсөтүлүшү, азык-түлүк коопсуздугунун камсыздалышына колдоо көрсөтүлүшү, жакыр катмарлар үчүн кирешени арттыруучу иш-аракеттерге салым кошулушунун алдыңкы планга чыгарлышы ой-пикири менен иш алып барып талаа жана мал чарбачылыгы жаатында туруктуу долбоорлорду иштеп чыгууда. Африка материгиндеги кургактыктын алдын алуу, Африка өлкөлөрүн ээ болгон байлыктарды өз калктары үчүн колдонуусун камсыздоо максатында Сомалинин борбор калаасы Могадишодо курулган айыл-чарба мектеби бүгүнкү күндө аймакка заманбап айыл-чарба техникасын тааныта турган факультетке айланган абалда. Балкандагы бир топ өлкөдө талаа чарбаны өнүктүрүүгө карай узун мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашырган ТИКА, жакыр үй-бүлөлөр жана майда өлчөмдөгү өндүрүшчүлөрдүн маанилүү өлчөмдө кирешелерин арттырууну камсыздоодо.

ТИКАнын андан башка алдыңкы иш алып баруу тармагы болсо ар түрдүү тармактарда берилген кесиптик билим берүүлөр менен колдоого алынган заманбап өндүрүш ишканаларын түзүү болуп саналат. Газада ТИКА тарабынан курулган Абасан зайтун майын өндүрүүчү ишкана аймактын жумуш менен камсыздалышына жана экономикасына салым кошуу жагынан үлгүлүү долбоор болду. 2017-жылдан тарта ишканадан 3100 газалык дыйкан кызмат алды. 2016-жылы ишканада орто эсеп менен 5 миң тонна зайтун майы өндүрүлдү жана Абасан мэриясы бир тоннасына орто эсеп менен 100 АКШ долларындай киреше тапты.

 Жаңы үлгү болуучу мамиле; Түрк ыкмасындагы өнүгүүгө карай жардам модели

ТИКА, Түрк ыкмасындагы өнүгүүгө карай жардам модели менен буга окшогон өнүгүү карай жардам модели мекемелеринин ортосунда жаңы үлгүлүү мамилени ортого салууда;

-Шартсыз

-Чынчыл

-Ачык

-Адамга багытталган

-Эки тараптуу жоопкерчилик

-Эки тараптуу үйрөнүү

-Талапка багытталган

-Чечүүчү жолду табууга багытталган

 



Тектеш кабарлар