Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон окуялар.
![Тарыхта бүгүн](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1911/3a72/614f/5c2f146b47798.jpg?time=1719246890)
Байланыш тармагында жаңы бир жол ачкан, бүгүн жетишилген технологиялык өнүгүүлөрдүн биринчи кадамы болуп саналган Самуэль Морсе тарабынан биринчи жолу 1838 - жылы ушул күнү коомчулукка таанытылды.
1 - Инөнү согушу 1921 - жылы ушул күнү башталды. Басып алынган жерлерден душманды кууп чыгаруу үчүн Улуттук күрөштү баштаган түрктөр жаңы түзгөн иреттүү армиясы менен кирген биринчи согуш болгон 1 - Инөнү согушу түрктөрдүн жеңиши менен аяктады.
1956 - жылы Канадада 14 өлкө катышкан авиациялык конкурста Түркия биринчи орунду алды.
1960 - жылы Мерсин рафинериясынын пайдубалы түптөлдү. Күндө 9 миң тонна чийки нефть иштетүү көлөмүнө ээ рафинериянын курулушунда 15 миң тонна болот колдонулган.
Түркияда адамдардын жанында болушуна да тыюу салынган валютаны алып сатуу 1984 - жылы бул күнү эркин койо берилди.