Түркияда туризм-1

Гөбеклитепедеги казуулар...

1116899
Түркияда туризм-1

Урматтуу окурмандар жаңы жылдын жаңы программасынан бири «Түркияда туризм». Бүгүнкү программабызда Түркиянын Гөбеклитепе жергесинен сөз кылабыз...

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде Түркиядан 18 мурас аянты орун алды. Булардан бири Гөбеклитепе...

Гөбеклитепе археологиялык аянтынын тизмеге кирүүсүн камсыздаган эң маанилүү өзгөчөлүгү тарыхтын белгилүү чоң ибадатканасы болушу...1200 жылдык өтмүшү болгон бул диний борбордун мааниси 1994-жылы башталган казуу иштери менен жарыкка чыкты.

Гөбеклитепеде, диаметри 30 метрге жеткен тегерек түзүлүштүн ортосунда 2 даана «Т» формасындагы 5 метр бийиктиктеги, акиташ ташынан устундар орун алган. Аймакта жарыкка чыгарылууну күткөн башка ибадатканалар дагы белгиленди...

Бул борбордун курулушу жана адам баласынын дагы ошол мезгилдеги жашоосуна байланыштуу белгисиздиктерди жарыкка чыгаруу максатында казуулар уланууда.

Гөбеклитепе 12000 жыл бою табигый түзүлүшү менен кол тийбестен сакталып калгандыктан маанилүү археологиялык табылга болуп саналат. Неолит дооруна таандык бул калдыктар, адамзат тарыхы тууралуу ушул күнгө дейре билингендердин териштирилишин талап кыла турган мүнөзгө ээ...

Гөбеклитепе Түркиянын түштүк чыгышындагы Шанлыурфа облусунун Өренжик айылынын жакынында орун алган... Шанлыурфа облусуна аба жолу же кургактык жолу менен жеткенден кийин дагы 18 чакырым жол тартыш керек.

Пайгамдарлар шаары деп да билинген Шанлыурфага барган соң, Балклыгөлдү көрбөй кетпеңиз. Чепке чыгууңузду, көп сандаган археологиялык чыгарма көргөзмөгө коюлган музейди кыдырууңузду, Харран үйлөрүнө барууңузду, тарыхый Капалы чаршыдан соода кылышыңызды сунуштайбыз.

Ошондой эле аймакка таандык чиг көфтенин даамын көрүп, «мырра» деп аталган кофени ичишиңизди да сунуштайбыз. Саякатыңыз байсалдуу болсун!

 


Этикеткалар: #Түркия , #Гөбеклитепе

Тектеш кабарлар