Күн тартибине сереп салуу  - 44

Төрттүк саммиттен кийин Сирия

1080628
Күн тартибине сереп салуу  - 44

Стамбулда Франция, Германия, Орусия жана Түркиянын катышуусу менен өткөн төрттүк саммиттен Сирияда тынчтыкты түзүү үчүн конституциялык комитеттин курулушу деген маанилүү чечим чыгарылды. Чыгарылган чечимдер канчалык маанилүү болсо да Сирияда андан да маанилүү маселелер бар. Ушунун негизинде Сирия  -  Ирак чек арасында ДЕАШ жана ЙПГ террордук уюмдарынын ортосунда уланып жаткан кагылышуулар, Сирия  -  Түркия чек арасында ЙПГ тарабынан жасалган  атуулар жана түрк куралдуу күчтөрүн бомбалаган ЙПГ буктурмалары менен Идлиб  аймагындагы топтордун арасында чыккан кагылышуулар Сирияда тынчтыктын түзүлүшү үчүн дагы көптөгөн кадамдын ташталышы керектигин көрсөтүүдө.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  -  жазуучусу Жан Ажундун пикири.

Стамбулда  жолугушкан 4 өлкөнүн лидерлери Сирияда тынчтыкты түзүү үчүн маанилүү чечимдерди чыгарышты. Өзгөчө узун убакыттан бери иштелип жаткан конституция комитетинин курулушу  тууралуу чыгарылган чечим Сириянын келечегине маанилүү катнашта таасирин тийгизет. Жаңы бир конституциянын жазылышы Сирияда тынчтыкты түзүү үчүн маанилүү болсо да абсолюттуу чечүүчү жол эмес экендиги да белгилениши керек. Конституциянын жазылышынан кийин конституциянын Сирия калкы тарабынан бекитүү процесси үчүн бир топ ашылышы кыйын болгон тоскоолдуктар бар. Миллиондогон сириялык өлкө тышында болгон, миллиондогон сириялык Сирия ичинде көчүүгө мажбур болгон жана сириялыктардын Асад режиминин мамилесинен улам паспорт сыяктуу маанилүү документтерге жетишүүсүнө тоскоолдуктар болуп жаткан чөйрөдө шайлоонун өткөрүлүшү абдан кыйын.  Чыгарылган башка чечимдердин арасында Идлиб үчүн түзүлгөн ок атышпоонун улантылышы, террордук уюмдар менен күрөштүн улантылышына чечим чыгарылышы да маанилүү. Акыйкаттан да ЙПГ сыяктуу Сириянын жеринин бүтүндүгүнө коркунуч туудурган уюмдардын амалына тоскоол болуу үчүн Түркиянын аракеттери дипломатия тармагында да ийгиликке жетишүүдө.

Сирия тарабындагы абалдарга келе турган болсок, Сирия  - Ирак чек арасында ЙПГ менен ДЕАШ террордук уюмдарынын арасында уланып жаткан кагылышууларда жаңы абалдар ортого чыкты. ЙПГнин АКШ, Франция жана Италия атайын күчтөрүнүн колдоосу менен ДЕАШ текшерүүгө алган Хажин аймагына карата операциялар көптөгөн айлар мурда башталган. Аймакта болгон кум бороонунан пайдаланган ДЕАШ ЙПГнин текшерүүнү колго алуу үчүн көптөгөн айлардан бери аракет кылган  аймактарды бир канча күндүн ичинде колго алган. ДЕАШтын жетишкендиктери менен бирге ДЕАШ террористтери кайрадан Ирак чек арасына келди. Ирак тарабында болсо ыктымалдуу ДЕАШ кол салуусуна карата чара көрүлүп, Хашди Шаби күчтөрү аймакка жиберилген. ДЕАШтын аймакта алдыга карай жылышы менен бирге аймакка кошумча күч жиберген ЙПГ террористтери ДЕАШтын алдыга карай жылышын Эл аралык коалициянын берген жардамына карабастан токтото алган эмес. ДЕАШка каршы күрөш деген шылтоо менен өзүнө мыйзамдуулукту берген ЙПГ уюмунун ДЕАШты толуугу менен жок кылууну канчалык каалагандыгы да маанилүү суроо белгисин жараткандыгы ортого чыгууда.

ЙПГнин Сириянын түштүк чыгышында ДЕАШка каршы маанилүү жоготуулардан кийин Сириянын түндүгүндө Түркия менен болгон чек ара жолунда кээ бир кичине масштабдагы кагылышуулар жана түрк куралдуу күчтөрүнүн бомбалоосу болду. Айн ел Арабдын батышындагы чек ара жолунда ээ чыккан дөңсөөлөрдө коркунуч туудурушу  мүмкүн болгон позицияны жараткан ЙПГ буктурмалары түрк артиллеристтери тарабынан  бутага алынды жана жардырылды. Андан кийин Тал Абйад чек ара жолунда түрк аскери менен ЙПГ террористтеринин ортосунда кагылышуу болгон. Эртеси күнү кайрадан Айн ел   Арабдын батышында атылган ЙПГ буктурмаларынан Түркия чектеринин ичиндеги ок өткөрбөс унаага каршы анти  - танк ракетасы колдонулган. ЙПГнин расмий бөлүшүү сайтынан кол салуунун көрүнүштөрү жарыяланган. Бул окуядан кийин ЙПГнин Хажин аймагында ДЕАШка каршы операциясын Түркиянын бомбалоосунун айынан токтоткондугун билдириши негизинен ЙПГнин ДЕАШты өз максаттарынын негизинде кандай каражатка айландыргандыгын көрсөтүүдө.

Башка бир маселе болсо Идлиб аймагында болгон кагылышуулар болуп жатат. Сочи макулдашуусу менен бирге Идлибге карата ыктымалдуу бир кол салууга тоскоолдук болунган. Өткөн күндөрдө болсо Идлиб аймагында Хейет Тахрир уш Шам террордук уюму менен Нуреддин Зенгин кыймылынын ортосунда кагылышуулар болгон. Сириялык оппозициячылдардын Хейет Тахрир уш Шамга каршы кагылышуулар көпкө созулбаса да аймактагы динамикалардын канчалык баш  - аламан экендигин көрсөтүүдө.

Сирияда тынчтыкты түзүү үчүн Идлибде туруктуу тынчтыктын түзүлүшү абдан маанилүү.



Тектеш кабарлар