Билим берүүнүн дүйнөлүк принциптери – 2

Глобалдык перспектива - 41

1066307
Билим берүүнүн дүйнөлүк принциптери – 2

Билим берүүнүн дүйнөлүк принциптери2

Бир канча апта мурдагы жазуубузда глобалдык факты катары жакшы билим берүүнүн дагы, жаман билим берүүнүн дагы жугуштуу болгонун, башка өлкөдөгү билим берүүнүн турмушубузга канчалык таасир эткенин, ушул себептен адамзат үй-бүлөсү үчүн билим берүүгө байланыштуу дүйнөлүк принциптердин керектүүлүгүнө токтолгонбуз. Билим берүү жагынан дүйнөдөгү абалга кыскача токтолгондон кийин алгачкы эки принцип катары адилеттик аң-сезимин жаратуу жана бардык нерсеге терс эмес, эң оболу жакшы ой менен караган адамдарды жетилтүүнү максаттаган билим берүү философиясына токтолгонбуз. Анда токтогон жерден уланталы.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

3) Жалпы ахлактык эрежелерге ээ болгон адамдарды жетилткен билим берүү

Коомдук жашоону мүмкүн кылган адамдардын принциптүү мамиле кыла турганына, жалпы ахлак эрежелерине баш ийе тургандары жөнүндө түшүнүктөр. Турмушту жашаса боло турган абалга келтирген адамдардын бул принциптерге ээ болушу. Башкалардын уурдабай турганына, кол салбай турганына, жаман мамиле кылбай турганына, жалган айтпай тургандары жөнүндө божомолдорубуз. Бир саамга булардын бардыгы кем болгон өлкөдө эртең менен көчөгө чыкканыбызды элестетели. Барынан мурда көчөгө чыга алабызбы? Үйдөн чыкканда кездешкен алгачкы адамдын бизге кол салбай турганына ишенбесек кантип илгерилейбиз? Көчөдөгү адамдардын тынымсыз биздегилерди тоной турганы шеги менен жашасак. Ар ким жаман мамиле кылып жатса. Адамдар иштеп тапкан акысы менен жашабай, иштебестен, акылуу болбостон бир нерселерге ээ болуунунун аракетинде болсо...

Мисалдар көбөйтүлүшү мүмкүн. Ушундай жапайы чөйрөдө коомдук жашоо мүмкүн болобу? Коомдук маданияттын алкагында жалпы ахлактык эрежелерге ээ болгон адамдарды жетилтүү билим берүүнүн эң алдыңкы максаттарынан бири болушу керек. Бул жалпы эрежелерди белгилөө анчалык татаал эмес. Ар башка маданияттарда бул принциптер тууралуу аз же көп жалпы кабыл алуулар бар.

4) Эки күнү бирдей болбоону, иштөөнү үйрөткөн билим берүү

Төмөнкү принциптер дагы көп билим берүүнүн мазмуну жана ыкмасына байланыштуу принциптер. Жогоруда кеп кылынган алгачкы үч принцип болсо (адилеттикке, позитив көз карашка жана ахлакка таянган билим берүү) ар түрдүү жана бардык деңгээлдеги билим берүүнүн үстүнө курулуусу керек болгон негизги баалуулуктар. Бул баалуулуктарга таянбаган же курамында бул баалуулуктарды камтыбаган билим берүүлөрдүн жыйынтыктары адамзат үчүн абдан чоң коркунучтарды камтышы мүмкүн.  Адамзатты апаатка түрткөн дүйнөлүк согуштар, террордук кол салуулар, тынымсыз бийиктетилген коопсуздук дубалдары, башкаларын жашатууга эмес жок кылууга карай ар түрдүү ойлоп табуулар сабатсыз адамдардын эмес, абдан сабаттуу адамдар «жасай ала турган» нерселер. Булардын бардыгы тең аз эле билим берүү менен эмес, бирок абдан сапаттуу билим берүү менен боло турган жабыркоолор, агызыла турган көз жаштары, кайгыга салуулар болуп саналат. Бул баалуулуктар адамзат үй-бүлөсүн, башка көп тармакта болгону сыяктуу билим берүү тармагында дагы коргой турган баалуулуктар болуп саналат. Ушул түшүнүк менен алганда Азирети Пайгамбардын «Пайдасыз илимден Аллага корголойм» деген сөзү абдан баалуу ахлактык тартипке шилтеме кылат. Көңүл бурулсун зыяндуу эмес, пайдасыз болгонунан дагы алыс турууга белги берген абал...

Кайрадан принциптерге кайтсак, эмгектенүү, күнүгө жаңы нерселер менен алектенүүлөр өзүбүз, чөйрөбүз жана адамзат үчүн эң пайдалуу аракеттерден бири. Алып карасак, жалкоо, эмгеги менен эмес, башкаларынын эмгегинен пайдаланган жашоо формасы коомчулуктарды иритет. Ушул алкакта билим берүү, ар бир кесипти ыйык деп эсептеп, ар бир кесипте иштөөгө шыктандырышы зарыл. Эмгектенүүнүн өзү эле чоң баалуулук экени үйрөтүлүшү керек.

5) Ар кимге бирдей эмес, адамдардын потенциалдарына жараша түрлөндүрүлгөн, плюралист билим берүү

Заманбап, борборчул мамлекет менен бирге ар кимге бир өңчөй ишке ашырылган, массалык билим берүү ыкмасы бүткүл дүйнөдө жайылган. Бул жайылган билим берүү, билим алууну ар ким үчүн жете ала турган абалга келтирүү жагынан маанилүү салымдарды кошту. Муну менен катар бул башкаруу айырмачылыктарын жойгон, адамдарды бир формада теңдеген жыйынтык да келип чыкты. Чындыгында ар бир адам өзүнчө бир жан, ар бир адам өзүнчө бир дүйнө болуп саналат.

Шейх Галип кандай сонун айтып кеткен бул абалды:

Өзүңдү көңүл коюп карагын,дүйнөлөрдүн өзүсүң сен.

Ааламдын карегиндей адамсың сен.

Билим берүү ар кимге бирдей нерсени берүүгө эмес, ар бир жеке кишинин потенциалын табууга, бул табылган потенциал менен жеке кишилер жана коомдук пайданы көрүүгө багытталган болушу керек.

6) Турмуш менен эриш-аркак билим берүү

Салттык билим берүү ыкмасында жеке кишилер көбүнчө уста-шакирт карым-катнашы менен билим берүүнү кудум эле иштеп жатканда үйрөнүшчү. Бүгүнкү күндө билим берүү жана билим берүү мекемелери профессионалдашты. Бул профессионалдуулуктун жыйынтыгы катары билим берүү мекемелеринин аз да болсо турмуштан ажыраганын, берилген билим берүүнүн теорияда гана калганын  көрүүдөбүз. Мындай абалда Эйнштейндин «Билим берүү адамдын мектепте үйрөнгөн бардык нерсесин унуткандан кийинки калдыгы болуп саналат» сөзүндө көрүнгөнү сыяктуу күчтүү каршы чыгуулар да бар. Билим берүүнүн максаты кишини турмушка даярдоо болсо, билим берүү бир гана мектеп парталарында берилбеши керек. Билим берүү мекемелери жана билим берүүнүн өзү жарандык коом, жеке менчик сектор, академия, бюрократия сыяктуу кишилердин билим берүүдөн кийинки турмушунда ичинде орун ала турган мекемелер менен эриш-аркак болушу керек.

7) Жаттаган эмес, ойлонгон, териштирген, ойлоп тапкан билим берүү

Билим берүү негизинен өтмүшкө же болуп турганга багытталган эмес, келечекке карай аракет болуп эсептелет. Албетте болуп турган жана өтмүштүн тажрыйбасы да үйрөтүлөт. Бирок булардын бардыгы келечекти дагы жакшы түшүнүүгө, дагы жаңы нерселерди өндүрүп чыгарууга багытталган болушу зарыл. Андай болбосо өтмүштө калуу үчүн эмес. Ойлонууну, териштирүүнү эмес, жатоочулукту, колдо турганды кайталоону максаттаган билим берүү бизди келечекке алып барбайт. Адамдар потенциалын бир гана ойлонуу менен, суроо менен, териштирүү менен таба алат. Билим берүү адамдын өзүн табуусуна пайдубал түптөйт.

Башка бир принцип катары мамлекеттик мекемелердин иштеп чыккан мамлекет борборлуу эмес, координациялаган жана текшерген жарандык коом жана жеке менчик сектор борборлуу билим берүүдөн кеп кылынса болот.  Же болбосо бул абал билим берүүнүн ыкмасы катары өзүнчө каралса болот. Буга башка бир максалабызда токтолобуз.

Шексиз бул принциптер дагы да көбөйтүлө алат. Бирок бир макаланын чектеринде дагы көп нерсени түшүндүрүү кыйын өңдөнөт. Кызыккандар менин «Глобалдык доордо жаштар кандай болот» аттуу эмгегиме кайрыла алышат.

Албетте жакшы билим алган, академиялык жактан жабдылган болуу абдан маанилүү. Жогорудагы принциптерден кем калган жабдуунун кишини жана коомду кайда алып бара турганынын кепилдиги жок. Билим берүү процессинде бул принциптер берилбесе билим берүү жолу менен франкенштайндарды жаратып салабыз.  Бүгүнкү күндө классташтарын автомат менен чайкагандар, тамактарга уу кошкондор, тамактардын арасына ийне салгандар же адамзатты апааттан апаатка сүргөндөр сабатсыз адамдар эмес. Көбүнчө жабдылган, бирок бул жабдуусун адамзаттын кызыкчылыгы үчүн колдонууну каалабаган принципсиз адамдар.

Билим берүүдө эмнени үйрөткөнүбүз сыяктуу балким дагы маанилүүсү эмнени эмне үчүн үйрөткөнүбүз болуп саналат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.

 



Тектеш кабарлар