Билим берүүнүн дүйнөлүк принциптери – 1

Глобалдык перспектива - 39

1057570
Билим берүүнүн дүйнөлүк принциптери – 1

Адамзат үй  - бүлөсү катары планетаны бирдикте бөлүшүп жатабыз. Башка турмуштук функцияларга ээ болгон жерлерибиз менен, тарыхтын бир эле мезгилинде дүйнөгө келгенибиз үчүн бөлүшүүгө мажбур болгон орток нерселерибиз бар. Глобалдык бир апаат менен бетме - бет келгенибизде кайсы ишеничке, тилге, динге, улутка ээ болсок бололу адамзаттык үй  бүлө менен бирдикте таасирленебиз. Бир эле доордо жаратылуу, жакын же алыс жерлердеги адамдар менен маданият жана турмуш катары бизди бири бирибизден таасирленүү ичине калтырып жатат. Бул таасирдешүү кээде мурунку доорлордо жашап өткөн бабаларыбыздынбы же дагы көп замандаштарыбыздын таасири астындабызбы деген суроону суратып жатат.

Анкара Йылдырым Бейазыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

Кепти билим берүүгө алып келүүгө аракет кылып жатам. Бир гана өз өлкөлөбүздөгү эле эмес, алыскы жерлердеги жакшы же жаман билим алган кишилер турмушубузду абдан жакындан өзгөртө алуу потенциалына ээ. Жаман билим алган кишилер жандуу бомба болуп сизди турмуштан, же жакындарыңыздан ажыратышы мүмкүн. Эч тааныбаган, мыкты билим алган кишилердин эмгектери турмушубузду жеңилдетип, сизди турмушка кайра алып келиши мүмкүн. Ошондуктан билим глобалдык бир факты. Бардык өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. Бир өлкөдөгү жакшы билим берүү да жаман билим берүү да башка өлкөлөргө оң же тескери таасир берүүчү мүнөздө.

Билим берүү жактан глобалдык деңгээлде кандай абалдабыз?

Эч шексиз мыкты болгон тармактар бар. Бирок мен бул жазууда бир аз терстиктерге көңүл бурууну кааладым. Батышка караганыбызда эң көп мектеп кылмыштары болгон АКШда мектептер барган сайын казармага айланып баратат. Кичинекей балдарды, жаштарды өлтүргөндөр көпчүлүк учурда классташтары. Бала жашта жыныстык катнаш, кичинекей жашта кумар, ичимдик ичүү, банги зат колдонуу, үзүлгөн үй  - бүлөлүк байланыштар, көчө балдары, майрамдарда да эске келбеген улуулар...

Чыгышта болсо абал башка. Кылмыш катнашы батыштагычалык жогору болбосо да турмушка даярдабаган, эркин ойду эмес, көпчүлүк учурда  бир гана көнүмүш болгон турмушту тутунган, турмуштан алыс билим берүү системалары.

Ислам дүйнөсүндө болсо Алия Иззетбегович белгилеген негизги маселе билим берүү.

Бир өлкөдөгү жакшы билим берүү же илимсиздик бардык өлкөлөрдү жакындан кызыктырган мүнөздө болсо кайсы дин, тил, идеология, ишенич, улут же түстөн болсок бололу, кандай адам профилине ээ болору тууралуу жалпы бир консенсус болушу керек. Тескерисинче адамзаттык үй – бүлө катары дайыма бирдикте коркунучтабыз. Тынч, бейкут дүйнө үчүн билим берүүнүн дүйнөлүк принциби болушу керек. Бул принциптерди издөөнү билим берүүнүн максатын териштирүү менен баштай алабыз.

Билим берүүнүн максаты кишини турмушка даярдоо. Кандай билим берүүнү каалагандыгыбыз, негизинен турмушка кандай карагандыгыбыз менен, турмуштук философиябыз менен жакындан байланыштуу. Билим берүү философиябыз турмуштук философиябыздын уландысы. Эгерде жамандыктар аз болгон, айырмачылыктарга дагы көп сый көрсөтүлгөн, адамдар дагы эр жүрөк болгон, дагы жакшы жашоого боло турган дүйнөнү каалаган болсок билим берүү да бул максатты камсыз кыла турган мүнөздө болушу керек. Билим берүү бир гана мектепте же заманбап билим берүү эмес. Ушул себептен мектеп, айткан максатыбызды ишке ашыруунун бир гана жолу эмес, жөн гана каражаттардын бирөөсү.

Турмушка байланыштуу санаабыз болуп, жогоруда айткан жалпы максатты бөлүшүп жаткан болсок адамзаттык үй  - бүлөсү катары айырмачылыгыбызды ортого салып, баарынын жакшылыгына боло турган билим берүүнүн дүйнөлүк принциптерине ээ боло алабыз. Бул негизги принциптер эменелер болушу мүмкүн?

1.Адилеттик аң  - сезимин берген билим берүү

Кандай заман тилиминде жашасак жашайлы өзүбүздү кандай таанытсак тааныталы, билим адамдарга оболу адилеттик сезимин бериши керек. Азырети Өмердин айтуусу менен «адилеттик мүлктүн негизи». Немис ойчул Канттын айтканындай «адилеттик жок боло турган болсо адамдын өмүрүнө баа бере турган бир нерсе калбайт».

Эч шексиз адилеттиктин эмне экендиги, эмненин акысыз экендиги тууралуу адамзат үй  - бүлөсүнүн жеке кишилери катары бирдей пикирде эмеспиз. Бирок адилеттиктин негизгиздери белгилүү. Бардык диндерде, адамдарда, идеологияларда өлтүрбөө, уурдабоо, мыйзамдуу жолдор менен киреше табуу, жаман мамиле кылбоо боюнча бирдей пикирлер бар. Ушул алкакта башталгыч, орто жана лицей, универститет деңгээлинде же бардык билим берүүдө окуучуларга берилиши керек болгон биринчи принцип эмгек кылуу менен бир нерсеге жетишүү болушу керек. Адилеттик тескериси болгон зулумчулук аркылуу түшүнүлөт деп айтылат. Баарынын иштебестен, эрежелерге баш ийбестен пайда табуунун артына түшкөндүгүн ойлойлу. Ошондо пайда болушу мүмкүн болгон хаосту ойлойлу.

Билим берүү процессиндеги маалымат, тажрыйба кемчилиги кийин болсо да жабыла алат. Бирок билим берүү процессинде пайда боло турган адилеттик кемчилиги өмүр боюу жабыла албайт. Адилеттик сезими окуучуларда, билим берүү мезгилинде маалымат аркылуу эмес эң көп билим берүү системасы жана билим берүүчүлөрдүн кылган мамилеси менен турмуштук практикасы аркылуу жогорулайт. Ушул алкакта адилеттик маалымат деңгээлинде эмес, сезим, аң  - сезим жана ишенич деңгээлинде жактырылат. Жол ача турган маселелер билинүү менен адилетсиздиктен, зулумчулуктан качуу керек.

2. Адамды позитив көз карашка ээ кылган билим берүү

Билим берүү жакшы ниеттүү, турмушка позитивдүү көз караш менен караган кишилерди жетиштириши керек. Көп жашабай эле бардык нерсеге негатив көз караш менен караган, маселени чечүүнү эмес, чечилбестикти каалаган, пессимист, үмүтсүз жана башкаларга да ишенбестен мамиле кылган жаштар бар. Ушундай турмуш кантип болсун? Мындай негатив көз караш менен кандай сулуулук болсун? Адам баарына жакшы көз менен карашы керек, жакшы ойлонушу керек. Албетте «жакшынын», сулуунун, жакшы кишинин ким экендиги белгилүү катнашта ар башка маданияттарга жана ишеничтерге карата өзгөрөт. Бирок пессимист болуу үчүн ашыкча себептер менен толгон дүйнөдө жакшы киши жетиштирүүнү максат кылуу  өзүнчө баалуу нерсе. Турмушка  позитивдүү кароо, жакшы нерсе ойлонуу абдан баалуу болуу менен бирге адилеттик жакшыдан мурда келет.



Тектеш кабарлар