Коргонууда улуттук долбоорлор - 6

Улуттук жана оригиналдуу ИХАлар менен СИХАлар.

1049877
Коргонууда улуттук долбоорлор  - 6

Коргонуу өнөр жайында  чыгарылган улуттук жана оригиналдуу учкучсуз аба аппараттары менен куралдуу учкучсуз аба аппараттары бул тармакта Түркиянын дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрүнүн арасына киришине мүмкүнчүлүк түздү.

Түрк Харб  - Иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тууралуу пикири.

Түркия бир тараптан коргонуу тармагында орчундуу мааниге ээ стратегиялык продукцияларды чыгарып бир жактан да глобалдык конкуренцияда өлкөнү алдыга чыгара турган коргонуу каражаттарын жергиликтүү жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарып келечекке ишенимдүү кадамдар менен бара жатат. Түркия бул тармакта аткаргандары менен көз карандысыз саясаттарды жүргүзүү менен бирге саткан аппараттар менен экономикага маанилүү салым кошууда. Түркиянын учкучсуз аба аппараттарын чыгаруусунун  себеби  да бир караганда көз карандылыктан кутулуу жана экономикага жаңы кирешелерди алып келүү. Түркиянын инвентарына 1990 -  жылдарда кирген алгачкы учкучсуз аба аппараттары Израилде жасалган Херондор менен АКШда жасалган GNAT моделдери болгон. GNATтын өнүктүрүлгөн версиялары болгон Предатор менен Репаер СИХАлардын башкача айтканда куралдуу учкучсуз аба аппараттарынын 2000 – жылдарда Түркияга сатышына АКШ Конгресси уруксат берген жок. Ушул боюнча Түркия улуттук учкучсуз аба аппараттарын чыгаруу процессине кирди. Бүгүн Түркияда жергиликтүү жана улуттук учкучсуз аба аппараттары «Анка» менен «Байрактарды» колдонууда.

Коргонуу өнөр жайында чыгарылган учкучсуз аба аппараттары ИХА жана куралдуу учкучсуз аба аппараттары СИХАлар бул мааниде Түркиянын дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн арасына киришине мүмкүнчүлүк түздү. Түркия бүгүн улуттук технология тармагында иштеген таасирдүү киши күчүнө ээ. Мүмкүнчүлүк берилгенде жаштарыбыздын эмнелерди аткара аларына күбө болуп жатабыз. Коргонуу өнөр жайы мөөнөтү белгиленген максаттар коюлуп, сабырдуулук менен жүргүзүлгөн эмгектер менен жыйынтык алына турган сектор. Бүгүн улуттук ИХА жана СИХАларда акыркы 10 жылда жетишилген маанилүү ийгилик, узун мөөнөттүү стратегиялык максаттардын иликтөөгө алынышынын жыйынтыгы.

ИХА жана СИХАны чыгарууда маанилүү иштерге кол койгон Байрактар группасынан Селчук Байрактар учкучсуз аба аппараттарын чыгаруу тууралуу буларды айтты : «Түркиянын учкучсуз аба аппараттарынын баяны колдо атылган кичинекей ИХАлар менен башталды. Кичинекей ИХАлардан баштап группабыз менен аянтта аскерлер менен бирдикте база аймактарында учактар учкан жерлерде иштедик. Кичинекей ИХАда көргөн учурда көрүнүштөрдү түз алып бириктирип карта түзүү өзгөчөлүгү бар эле. Бул дүйнөдө эч бир ИХАда жок эле. СИХАбызда дүйнөдөгү эч бир ИХАда болбогон өзгөчөлүктөр бар. Бир канча өзгөчөлүктөрү Африн операциясындагы тажрыйбалардан кийин киргизилди. Акыркы 1 жылда ИХАларыбыз өзгөчө Евфрат калканы кыймылы менен бирдикте башка шарттарга  дуушар болду».

Байрактар кичинекей ИХА жана Байрактар Тактика ИХАсы 

2007 -  жылы түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматына сунушталган алгачкы улуттук аба аппараты системасы кичинекей ИХАларды Байрактар группасы чыгарды. Андан кийин Тактика ИХАларын да чыгарган группа аппараттын өзгөчөлүктөрүн төмөнкүчө билдирилди : Байрактар кичинекей учкучсуз аба аппараты системасы толугу менен оригинал жана улуттук жана программасы менен Түркиянын алгачкы кичинекей робот аба аппараты. Ушул күнгө чейин 100. 000ден ашуун операциялык учуусу аткарылды. Система кыйын географиялык жана метеорологиялык шарттар астында да колдонула алат.

Орточо бийиктик жана узун аралыктуу классы ИХА консептине ылайык чыгарылган Тактика ИХА системасы улуттук жана оригиналдуу толугу менен автоматтык учууну текшерүү өзгөчөлүгүнө ээ. Үч ашыкча башкаруу системасы, уникалдуу багыттоо жана сенсордук биригүүсү менен дүйнөдө алдыңкы технологиялык деңгээлде чыгарылган чалгындоо жана байкоо аппараты.

Аскердик операцияларда  көп колдонулду

Түркиянын өлкө ичинде жана өлкө тышында террор менен күрөшүүдө жүргүзгөн операцияларынын ийилигинде ИХА жана СИХАлардын абдан маанилүү салымы болду. Байрактар ТБ – 2 ИХАлар 2015 -  жылдан бери террордук операцияларында колдонулууда. ТБ – 2 ИХАлар үнүн чыгарбастан, өзүн көрсөтпөстөн, абдан бийикте да көрүнүштөрдү алуу өзгөчөлүгүнө ээ. Өзгөчө Евфрат калканы жана Зайтун бутагы операциясында байкоо, чалгындоо жана ок атууда жардам берди.

Байрактар ТБ – 2 ИХАлар ушул күнгө чейин маанилүү санда террористтин аныкталышы менен жок кылынышында колдонулду. Зайтун бутагы операциясында бөлүктөрдүн алдындагы коркутуулар менен террористтер баш калкалоочу жер катары колдонгон көп сандаган үңкүр жана туннелдер ИХАлар тарабынан белгиленди. Белгиленген бир топ коркутуулар алдына алынып, террористтер СИХАлар менен жок кылынды.

ИХАлар менен СИХАлардын натыйжалуулугун арттыра турган жаңы технологиялар менен чыгарылууда. Байрактар группасы жана өнөктөштөрү мобилдик берүү программасы КУЗГУНду чыгарды. Биринчи жолу Ефес 2018 машыгуусунда колдонулду. Кузгун  ИХАлардан келген түз берүүлөрдүн көрүнүштөрүнүн мобилдик аппараттар менен көрүнүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ушундайча аймактагы коопсуздук кызматкерлерине учурдагы көрүнүштөр берилип, террор менен күрөштө маанилүү мүмкүнчүлүктөргө жетишилүүдө. Киши ташуучу аба унаалары технологиясында дүйнөнүн саналуу өлкөлөрүнүн арасына кирген Түркиянын бул тармакта жаңы максаты учкучсуз реактив проекти. Кыска убакытта ИХАларда маанилүү ийгиликтерге кол койгон Түркия жаңы максатын ишке ашыра турган потенциалга ээ.

Түрк Харб  - Иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тууралуу пикирин уктуңуздар.



Тектеш кабарлар