Коргонууда улуттук долбоорлор - 5

Түркиянын улуттук жогорку башкаруу системасы.

1041046
Коргонууда улуттук долбоорлор - 5

Түркия түрдүү коркутууларга каршы улуттук коопсуздугун түзүүгө аракет кылып жана террордук уюмдар менен күрөшүп жатып белгилүү мезгилдерде союздаштарынын курал жана ок – дары эмбарголоруна дуушар болуп жатат. Акчасына алган коргонуу каражаттарын колдонууда маселе чыгарышууда. Түркия бул мааниде жашап жаткан ар бир кризисти мүмкүнчүлүккө айландырууда ийгиликти көрсөтүүдө. Союздаштар учкучсуз аба унааларын сатуудан качышууда. Бирок Түркия муктаж болгон учкучсуз аба унааларын өзү чыгарууда. Союздаштар камикадзе дрондорун Түркияга сатууну каалабай жатат. Түркия өз муктаждыгы болгондорду чыгаруу менен бирге дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө сата турган абалга келди. Союздаштар  аскердик учактарда колдонулган бомбаларды «акылдуу» абалга алып келген Сезгич, жогорку башкаруучу системалары тууралуу тоскоолдук чыгарары менен  Түркия өзү чыгара баштады.

Түрк Харб  -  Иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин тема тууралуу баа берүүсү....

Мындай акылдуу ок  - дарыларда тышка болгон көз карандылыкты жок кылуунун стратегиялык мааниси бар. Мисалы Америка Түркияга саткан акылдуу ок  - дарыларды белгилүү аралыктар менен текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Саткан ок  - дарылардан, колдонулган жана калган ок  - дары сандарын иликтеп жатат. Эң негизгиси бул ок  - дарылардын кайсы координаттарга атылгандыгын билүү мүмкүнчүлүгү бар. Башка бир сөз менен айтканда Түркиянын террордук уюмга каршы күрөшүүсүндө АКШдан алган бул акылдуу ок  - дарылардын колдонулушунда сан жана координат бөгөттөрдү чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал түгүл Түркиянын ПКК жана ПЙД сыяктуу террордук уюмдарына каршы колдонбошу үчүн АКШнын акылдуу ок  - дарыларды сатпаган учурлары болгон. Ошол себептен Түркия көз карандысыз бир өлкө сыяктуу кыймыл кылуусунда акылдуу ок  - дарыларды жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен чыгаруусу абдан маанилүү.

 

Сезгич, жогорку башкаруу системасы HGKнин чыгарылышы кандай тоскоолдукка учурады?

Өзгөчө кээ бир өлкөлөр Түркиянын коргонуу өнөр жайынын улутташуусуна тоскоол болуу үчүн бир топ стратегияны колдонууда. Кээде коргонуу товарларын сатпай, кээде саткандарынын колдонулушуна бөгөт чыгарып же жергиликтүү өндүрүштүн алдын тосуу үчүн товар бааларын чоң өлчөмдө түшүрүп жатышат. Өзгөчө Түркия муктаж болгон коргонуу товарларын чыгара баштаганда жогорку катнашта бааларды түшүрүп товардын өнүгүшүнө тоскоол болушууда. Бул тоскоолдук кыймылдарынын бирөөсү да Сезгич, жогорку башкаруу системасы  HGKны өндүрүүдө болуп жатат.

Түрк аба күчтөрү акылдуу ок  - дарыда тышка болгон көз карандылыктан кутулуу үчүн 2005 -  жылы ишин баштаган. Мезгилдин башкаруучулары акылдуу ок – дарылардын улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлүшү үчүн керектүү жолдомолорду берип жатат. Кыска мөөнөттө жасалган эмгектер менен 2006 -  жылы Сезгич, жогорку башкаруу системасы HGKны чыгарышты. Бирок андан мурда да бир топ өндүрүштө болгондой Түркиянын жергиликтүү өндүрүшүн аткарышына тоскоол болуу үчүн союздаштардан каршы кыймылдар келип жатат. Түркия муктаж болгон HGKны камтыган JDAM ок  - дарынын бир даанасын 120 миң АКШ доллары менен алып жаткан. Түркия 2006 -  жылы өзү өндүргөн HGK ок  - дарысынын чыгымы 90 миң доллар болуп жатат. Толук масштабдуу өндүрүшкө өтүлгөндө чыгым дагы азаймак. Түркия ал күндөрдө толук масштабдуу  өндүрүш тууралуу айта баштаганда АКШдан товар баасын түшүрүү сунушу келүүдө.

АКШ 120 миң долларга саткан JDAMдын  баасын күтүлбөгөн жерден 20 миң долларга түшүрүүдө. Чыгымдын түшпөгөнүнө карабастан баасынын мынчалык даражада төмөндөшү абдан кызыктуу болуп жатат. АКШнын бааны маанилүү өлчөмдө түшүрүшүндөгү максаттарынын бирөөсү да улуттук акылдуу ок  - дары HGKнын толук масштабдуу өндүрүшкө өтүшүнө тоскоол болуу. Баалар  түшүрүлүшү менен жергиликтүү өндүрүш  4, 5 эсе дагы көп чыгым болуп  жатат. Ушул себеп менен толук масштабдуу өндүрүш процесси бир аз созулуп жатат.

Бирок Түркия көз карандысыз бир улуттук коргонуу саясатынын негизи катары кыска деп санала турган убакыттын ичинде толук масштабдуу өндүрүш иштерин баштап жатат.

 Түркия толук масштабдуу өндүрүшкө өттү

HGКлар ТҮБИТАК коргонуу өнөр жайынын изилдөө жана өнүктүрүү институту (SAGE) инженерлеринин 5 жылдык эмгегинин акырында  чыгарылды. Түрк аба күчтөрүнүн инвентарына кирген алгачкы улуттук жогорку башкаруу системасы HGK-1лердин алгачкы өндүрүшү коомдук иш жери болгон 3 -  аба кызматы заводунун директорлугунда жасалды. Коомдо аскердик иш жери катары иш алып барган бул жерде кызмат кылган жогорку чиндүү жана жумушчу кызматкерлер тарабынан 2013 -  жылы алгачкы өндүрүш ишке ашырылды. Мурунку мезгилдин билим, өнөр жай жана технология министри Фарук Өзлү 2017 -  жылы ноябрь айында Түркия Улуттук Парламентинин план жана бюджет комиссиясында сүйлөгөн сөзүндө HGK-1ок  - дарысынын толук масштабдуу өндүрүшүнүн башталгандыгын айткан. Андан мурда дүйнөдө бир гана АКШ, Орусия жана Израиль сезгич, жогорку башкаруу системасын чыгарып жаткан. Түркия ошол эле учурда улуттук мүмкүнчүлүктөрү менен бул өндүрүштү өндүргөн дүйнөнүн төрт өлкөсүнүн бири болду. HGK- 1лер «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» операциясы жана террор менен күрөшүүдөгү операцияларда колдонулду.

Өндүрүүчүлөр тарабынан берилген маалыматка караганда өзгөчөлүктөрү булар : «Аскердик учактарынын кадимки бомбалары 5 – 6 километр алыстыктан атса HGKларда бул алыстык 25 километрге чыгып жатат. Үстүндөгү кошумча канатчалары жана акылдуу бомбалар абада учуу менен жол алып жатат. Учак коркунучтуу аймакка кирбестен милдетин ишенимдүү түрдө аткарууда. Кадимки бомабалардын үстүнө кийдириле тургандай түрдө долбоорлонгон система координаттары белгиленген бутаны спутник жана атайын сенсорлордун жардамы менен 6 метрдей төмөн болгон четтөө менен жок кылып жатат. Ушундайча бутасынын тышындагы жерлерге зыянын тийгизбестен кыймыл кыла алат». Аз чыгым менен өндүрүлгөн жана маанилүү өзгөчөлүктөрү болгон HGKлар бүгүн башта Жакынкы Чыгыш, Азия жана Түндүк Африка өлкөлөрү болуп бир топ өлкө тарабынан абдан көңүл буруу менен иликтенүүдө.

Түрк Харб  - Иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин баа берүүсү.



Тектеш кабарлар